Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 12.06.2018 13:42 Жаңыланды: 12.06.2018 17:54

Айыл турмушу: Ысык-көлдүк 86 жаштагы Латыйпа апа 13 келинин кайненесинин методу менен тарбиялайт (фото)

Turmush -  Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын тургундары — 86 жаштагы Латыйпа Сулайманова апа менен 91 жаштагы Ишенбай Элебесов ата 11 баланы тарбиялап, учурда бактылуу карылыкты өткөрүшүүдө. Аймактык кабарчы жубайлар менен таанышты.

Латыйпа Сулайманова апанын айтымында, ал Жети-Өгүз районунун Саруу айылында туулуп, кийин Бөкөнбаев айылына келин болгон. Жолдошу согуш учурунда жашын 2 жылга көбөйтүп, Уулуу Ата Мекендик согушка катышып келген.

«Жолдошум экөөбүз сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Ал Сарууга досунукуна барганда мени көрүп жүрчү экен. Анда мен чачы узун, акжумал кыз элем. Экөөбүз бири-бирибизди жактырып, сүйлөшүп калдык. Айылдагы классташым болсо Ишенбай менен сүйлөшүп жүргөнүмдү угуп: «сени башка айылдын баласына бербейм» деп атчан балдар менен мени ала качканы үйгө келишиптир. Иним экөөбүз кичинекейибизден жетим калгандыктан бизди эжем баккан. Ошондо эжем Ишенбайды чакыртып, огород менен качырып жиберген. Мен курбум, болочок жолдошум болуп үйүлгөн чөптүн жанында жашынып отурдук. Андан кийин Ишенбайдын байке, жеңеси келип, бизди алып кетишкен», - дейт ал.

Латыйпа апанын айтымында, ал жаңы келин болуп келгенде эки кайненеси менен жашаган.

«Турмушка чыккандан кийин бала бакчада тарбиячы болуп иштедим. Бала бакча үйдүн эле маңдайында болгондуктан баардык жумуштарга жетишчүмүн. Эки кайненем менен жашадым. Аларды кара эне, сары эне деп тергечүбүз. Келин болуп келгенде камыр жуурутуп, кесме кестирип сынашкан. Көп нерсени 2 кайненемден үйрөндүм», - деди Латыйпа апа.

Жубайлар 3 уулду жана 8 кызды тарбиялашкан. Учурда алардын 36 небере, 42 чөбөрөсү бар.

«Уулум Самыйбек малчы, өздөрүнүн иши менен алектенет. Өмүрбек балам көп жыл бою мугалим болуп иштеп жүрүп азыр эс алууда. Талант уулум Бөкөнбаевде лесхоздо иштейт, «Жылдын мыкты ишкери» наамынын ээси. Кыздарым Калбүбү менен Гүлбүбү учурда пенсияда, неберелерин карашат. Эркингүл болсо мугалим, Нурбүбү небере багат, Жаңыл тарбиячы, Айнагүл мугалим, Назира китепканачы, Дамира ашпозчу болуп иштейт», - деди Латыйпа апа.

Учурда анын 3 келини жана 10 небере келини бар.

«Менин кайненелерим каардуу жана акылман адамдар эле. Алар дайыма аялды тарбияласаң, улутту тарбиялаган болосуң деп көп айтышчу. Келин келген жердин тукумун улоочу деп, мага биринчи кезекте болочок эне катары мамиле кылып, мени аябай жакшы көрүшчү. Ошондой мамиледен улам биз 11 балалуу болдук. Башка кайненелердей болуп мени тилдегенин бир дагы уккан жокмун. Мен дагы турмуштан өз ордумду таап калыш үчүн аракет кылып, алардын айтканын эки кылган жокмун.

Азыр өзүм дагы кайнене болдум. 3 келиним жана 10 небере келиним бар. Аларга өзүм билген нерселердин баарын үйрөттүм. Мен дагы 2 кайненемден алган тарбиямды өз келиндериме бердим. Мен дагы келиндеримди биринчи кезекте болочок эне катары тарбияладым. Кыздарымдын баары күйөөгө кетип бүтө электе 2 уулум үйлөнүп, алардын баары көп убакыт бою бөлүнгөнчө ынтымактуу жашашты.

Учурда небере келиндерим «энеке» дешсе, өзүмдүн келиндерим «апа» деп сыйлап турушат.

Келиндериме: «эстүү болгула, ага тууганды сыйлагыла. Бир туугандардын ортосундагы жакшы мамилени кармап, ынтымактуу болгула. Биз ынтымактуу болчубуз. Элдин баары бизди макташчу» деп кеп-кеңешимди айтып калам», - деди апа.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×