Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Нарын облусуАт-Башы району 12.06.2018 20:28

Жаш талант: 12 жаштагы бийчи Алия тойлордо өнөрүн көрсөтүп каражат табууда (фото)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылынын тургуну Алия Замирбек кызы 7 жашынан бери бий ийримине барып, көптөгөн сынактарга катышып жана тойлордо бийлеп келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Жаш таланттын айтымында, бийге 7 жашынан тарта бара баштаган.

«Мен бийлөөгө абдан кызыгып, 7 жашымдан бери айылыбыздагы К.Кожоев атындагы балдар билим берүү борборунда Фарида эжеден билим алып келем. Учурда 12 кыздан түзүлгөн "Маржан" бий тобунун мүчөсүмүн. Бизди атайын чакыруулар менен чакырышып, концерттик чоң иш-чаралардын ачылышында жана тойлордо бийлеп, каражат табуудамын. Мектептен да иш-чараларда бийлеп, комузда кол ойнотуп, ырдап келем. Ошондой эле 2 жылдан бери талантым менен сынактарга катышып, байгелүү орундарды алып жатам.

Бош убактымда сүрөт тартууга абдан кызыгып сүрөт тартам жана көп китеп окуйм», - деди ал.

Алия үй-бүлөдө 4 бир туугандын экинчиси. Ал айылдагы Карыбек уулу Акматаалы орто мектебинин 5-классын аяктады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×