Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Баракелде, Бишкек 08.06.2018 09:29

Дональд Трамп Ак үйдө биринчи жолу ооз ачуу уюштурду

Turmush -  АКШнын президенти Дональд Трамп Ак үйдө биринчи жолу ооз ачуу (ифтар) уюштурду.

«Франс-пресс» маалымат агенттиги маалымдагандай, 6-июнда уюштурулган ооз ачууга 50гө жакын конок катышты. Ага Сауд Арабиянын, Иорданиянын, Бириккен Араб Эмираттарынын, Египеттин, Тунистин, Ирактын, Катардын, Бахрейндин, Марокконун, Алжирдин жана Ливиянын Вашингтондогу элчилери чакырылган.

Иш-чарада Трамп катышуучуларды жана дүйнөдөгү бардык мусулмандарды Рамазан айы менен куттуктады. Ошондой эле ал АКШнын президенти катары биринчи чет элдик иш сапары Сауд Арабияга болгондугун белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×