Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 07.06.2018 11:10 На русском

Сулуулар сынагынын жеңүүчүсү Сания Шакированын өлүмү: Айдоочу мас абалда болгон, - ОИИБ

Turmush -  Дүйнөлүк сулуулар сынагынын жеңүүчүсү Сания Шакированын өлүмүнө себепкер болгон унааны мас абалдагы айдоочу башкарып бара жаткан. Бул маалыматты Turmush басылмасына Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы бүгүн, 7-июнда тастыктады.

Милициянын маалыматы боюнча, мусулмандардын көрүстөнүндөгү тосмону сүзүп талкаланган «Равон Нексия Р3» унаасын окуя учурунда Бишкек шаарынын 1987-жылы туулган тургуну К.Ч. башкарып жүргөн. Бүгүн Ысык-Көл райондук соту айдоочуга карата башка коргоо чарасын кабыл алат. Ал эми айдоочу учурда Бишкектеги ооруканалардын биринде дарыланууну улантып жатат.

Окуя 2-июнда саат 22:00 чамасында Каракол—Чолпон-Ата—Балыкчы унаа жолунун 52-чакырымында катталган.

Адам өлүмү менен коштолгон жол-транспорт кырсыгына кабылган «Равон Нексия Р3» автоунаасы «Намба такси» фирмасына таандык. Айдоочунун жанында жүргүнчүлөр — Бишкек шаарынын Көк-Жар кичи районунун 1980-жылы туулган тургуну С.Р. (эркек киши) жана 1987-жылы туулган кара-балталык С.Ш. [Сания Шакирова] болгон.

Аталган унаа Ысык-Көл районунун Сары-Ой айылындагы «Карвэн Четыре Сезона» эс алуу борборунан чыгып, Бишкек тарапты көздөй багыт алган. Балыкчы—Каракол унаа жолунун 52-чакырымында, тактап айтканда Чок-Тал айылынын кире беришинде «Равон Нексия Р3» башкаруусун жоготуп, көрүстөндүн пескоблоктон жасалган тосмосуна урунган. Андан соң автоунаа оодарылып кеткен. Анын кесепетинен С.Шакирова катуу жаракат алып, окуя болгон жерден каза болгон. Ал эми жүргүнчү Р.С. Чолпон-Ата шаардык ооруканага жеткирилип, дарыгерлер баш сөөгүнөн жаракат алган, баш мээси чайкалган, бети тытылган деген корутунду чыгарышкан. Р.С. биринчи медициналык жардам алгандан кийин Бишкекке жөнөтүлгөн. Ал эми автоунаанын айдоочу К.Ч. жолдон унаалардын бирин тосуп, Бишкек тарапты көздөй кеткен.

Бул жол кырсык боюнча 3-июнда КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренесинин (транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) негизинде кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери улантылып жатат.

Айдоочу К.Ч.нын көрсөтмөсүндө «Равон Нексия Р3» унаасы Тимур аттуу досуна тиешелүү болгон деп билдирген. Ал 31-майда С.Шакирова жана С.Р. менен чогуу Чолпон-Ата шаарына эс алууга барган. Ушул жерден К.Ч. досу Тимур менен автоунаасын алмашып, 2-июнда болжол менен саат 20:30 чамасында Бишкек тарапты көздөй багыт алган.

4-июнда Кара-Балта шаарында Сания Шакированы жерге берүү зыйнаты өттү. Ал 12-июнда 31 жашка толмок. Ал апасынын жеринде — Жайыл районунун Ийри-Суу айылында жерге берилди.

---------------------------------------------------------------------------------------

Сания Шакированын 2018-жылдын апрель айында өткөн дүйнөлүк сынактагы жеңишинен кийин аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы маектешкен болчу. Өзү 13 жана 10 жаштагы кыздары, 8 жаштагы уулу бар экенин, аларды жалгыз тарбиялап жатканын айткан. Ал 10 жыл Москва шаарында сулуулук салондо иштеп, Ольга Бузова, Ксения Бородина сыяктуу белгилүү адамдарга кызмат көрсөткөн.

«Мектепти аяктагандан кийин юрист адистиги боюнча билим алдым. Бирок сулуулук тармагында иштеп калдым. Көп убакыт бою Россияда иштеп, шоу-бизнестеги атактууларды тейледим. Андан кийин мекениме кайтып келип, сулуулук тармагында өз ишимди баштоону чечтим.

Сулуулар сынагына кокусунан катышып калдым. Сынакка алып баруучусу Ассоль Молдокматова катышууну сунуштаган. Экөөбүз Парижде Пьер Карден жана Владислав Зайцевдин мааракесинде жолукканбыз. Ассоль катталууга жардам берип, "Дүйнө сулуусу-2018" наамына ат салышып калдым. Эл аралык сулуулар сынагы Вьетнамдын Нячанг шаарында 28-мартта башталып, 4-апрелде жыйынтыкталды», - деген ал.

Сания Шакирова сынакка катышууда кандай кыйынчылыктар болгонун айтып берген болчу.

«Сынакка катышуу үчүн арыктоо керек эле. Салмагым 56 кг болчу. Талапка жана боюмдун узундугуна ылайык 3 килограммга арыктадым. Салмак таштоо үчүн болгону 1 гана жума убакыт бар болчу. Вьетнамда 10 күн жүрсөм, анын тогуз күнү даярдануу менен өттү. Чындыгында берилген тапшырмалар абдан көп болду. Ар бир кыз сулуу аталууга татыктуу эле. Мен калыстарды кыргыздын улуттук кийими менен таң калтырдым деп ойлойм. Сынактын жыйынтыгы менен модель катары иштөөгө келишим сунуштап, ошондой эле "Мерседес Бенц" унаасын, 5 миң долларлык сертификат жана Венецияга эс алууга жолдомо беришти. 20-июлда Италияга эс алууга жөнөп кетем. Ошондой эле менде жеңүүчүнүн 3 килограммдык таажысы калды», - деген С.Шакирова.

Үч баланын апасы келечекте Бишкек шаарында эки кабаттуу үй курууну кыялданчу.

Ал мурунку жолдошу менен достук мамилесин сактап калганын кошумчалаган эле.

Кырсыктан кийин маркумдун жакын курбуларынын бири Ассоль Молдокматова: «Курбум Сания Ысык-Көлгө жигити (унаадагы экинчи жүргүнчү) менен кеткен эле. Жигити Ысык-Көлдөн курбумдун колун сурап, турмуш курууга макулдугун алып, 101 роза гүлүн белекке бериптир. Ал (Сания Шакирова) абдан бактылуу экенин мага телефон аркылуу 1-июнь күнү билдирген. Мен чет өлкөдөн түнү учуп келип, эртең менен ушундай жаман кабар уктум», - деп билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×