Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-июнь
Чүй

Бабалардын изи менен же Моңголия кайрыктары: Боз үй моңголдордун да сыймыгы (6-бөлүк)

Turmush -  Кыргыз элинин тарыхы менен көп тараптуу байланышкан Моңголиядагы кыргыз энчилүү аттары, башка улут катары каттоого алынып, тили бурулуп калганына карабай өздөрүн кыргызбыз деп атаган Моңголиянын батышындагы элдин жашоо-турмушу, салт-санаасы, баалуулуктары, жалпы эле моңголиялык кыргыздар тууралуу баянды улантабыз.

Моңголияга 2016-жылдын күзүндө мамлекет, Кыргыз Улуттук илимдер академиясы тарабынан уюштурулган фольклордук-диалектологиялык экспедиция менен кошо барып келген Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, филология илимдеринин доктору, профессор Сыртбай Мусаев кыргыздардын баалуу боз үйү моңголдордун да сыймыгы болуп эсептеле турганын белгиледи. Анын айтымында, кыргыз эли өзгөчө баалаган боз үй Моңголиянын борбор шаарын кошо кооздоп турат.

Улан-Батор шаарынын тегерегинде, шаардын ичинде, атайын орнотулган ат арабанын үстүндө да боз үй турганын мисал келтирди. Мындан улам моңголдор да боз үйдү баалаганы кыргыздар менен болгон жалпылыгы десек болот. Ал эми боз үйдүн жасалышы, айырмачылыктар тууралуу атайын иликтеген адистердин сөздөрүнө гана таянып маалымат таратуу зарыл. Азырынча бул багытта эмгектенген кыргыз окумуштуулар, илимпоздорду кездештире элекпиз.

Буга чейин С.Мусаев Моңголиянын батышындагы Кыргыз-Көл деп аталган көл, аны өз көзү менен көргөндөгү сезимдери тууралуу айтып берген болчу.

Бул экспедициянын бир бөлүгү (3) адам өздөрүн кыргыздарбыз деп атаган Баян-Өлгий аймагындагы эл менен аз убакытка (2-3) жолугушуп, алардын жашоо шарты, баланы бешикке салуу сыяктуу ырым-жырымдары, айрым салттар, маданият жана макал-лакаптары менен кыскача гана таанышууга мүмкүнчүлүк табышкан.

Сапарлаштарынын сөзүнө таянган С.Мусаев: «Алардын маалыматтарына карасак, 10 миңден ашык кыргыз бар экен. Ал жерде алар казактарга, моңголдорго караганда оокаттуу, билимдүү келип, жакшы турушат көрүнөт. Алардын мүдөөсү Кыргыз мамлекети моралдык колдоо көрсөтүп, ошолор кыргыздар деп, бала-бакырасын Кыргызстандан окутуп, иштетип, карым-катышты күчөтсө, кыргыздарга аралашсак деген эле кеп. Ушуга жарабай жатпайбызбы...

Биздин балдар "атайы Сиздерди издеп жолугуп кетели деп келдик" дешсе, көздөрүнө жаш келип, үндөрү каргылданып, муун-жүндөрү бошоп, терең ыраазычылыгын билдиришиптир», - деди.


Кыргыз тектүү хотондор жана алардын келип чыгышы. Моңголиядагы «кыргыз» энчилүү аттары (5-бөлүк)

Моңголиядагы Кыргыз-Көл — Ысык-Көлдүн «иниси» же «сиңдиси»: Бабалардын изи... (4-бөлүк)

Моңголияда унутта калган кыргыздар: Айрым салттар, маданият жана макал-лакаптары (3-бөлүк)

АКИ-TV — «Мен кыргызмын»: Моңголияда унутта калган кыргыздар (2-бөлүк, фоторепортаж)

Тили бурулуп, унутта калып баратса да кыргыз экенин белгилеген Моңголиядагы кыргыздар (1-бөлүк)

Сыртбай Мусаевдин Моңголиядагы сапардын жыйынтыгында жазылган «Мезгил алкагындагы ойлор» китебинен (АВТОРДУН ОРФОГРАФИЯСЫ САКТАЛДЫ):

Байыркы бабалардын изи менен же Монголийа кайрыктары

Бозүй монголдордун сыймыгы экен...

«Уламадан уккан сөз, Улам оргуп чыккан сөз,

Узун сабак айтылып, Урпактарга жуккан сөз» деген сыңары байыркы ата-бабаларыбыздын баскан изи, барган жерлери, жазуу чеккен таштары, түзгөн кандыктары жөнүндө дүйнөлүк тарых, тил илимдеринде жетишээрлик маалымат-даректер айтылып жүргөнү менен, алар жазган таш жазууларды, алар кечкен Орхон, Селенгэ, Туул дайраларды, алар баскан издерди, алар жүргөн жерлерди издеп барган урпактары аз болгон экенбиз. Мамлекетибиздин жардылыгынанбы, же өзүбүздүн кайдигерлигибизденби, же билимибиздин тайкылыгынанбы, же дагы башка “себеп-жүйөлөр” барбы, айтор, кыргыз таануу тармагында жүргөн аалымдарыбыз, кур дегенде, байыркы бабаларыбыз калтырган из менен жүрүп, алар жараткан материалдык, духовный маданийат байлыктарын көз менен көрүп келбептирбиз, кол менен кармалап көрбөптүрбүз. Ошол байлыктар кыргыздардыкы деп дүйнөлүк илимде аксиома катары так кесе айтылып келсе да, мамлекетибиз Хакасийадан, Алтайдан, Тывадан тартып Батыш Монголийага, анын Түштүк Чыгыш аймагына чейин тараган VI-VIII кылымдардагы жазма эстеликтерибизде Кыргыздар жөнүндө кеңири маалыматтар жазылып турса да, ошол эстеликтерибизге ээлик кылуунун аргасын таба албаптыр, бүгүн да таба албай жатат...

Арийне, мен студент кезимден Орхон-Энисей жазмасы деген байыркы жазууларга кыргыздардын да тиешеси бар экендиги жөнүндө С.Е.Маловдун “Енисейские письменности түрков”, “Древнетүркские письменные памйатники” деген эмгектеринен окудум эле. Кийин Москвада СССР Илимдер академийасынын Тил илими институтунда аспирантурада окуп жүргөндө улуу түркологдордун бири Н.А.Баскаковдун “Түрк жана монгол тилдери” секторунда отурганыбызда, “вот, сидит представитель народа, который отрицает свою славную, древнюю историю и письменность,” – деген сөзүнө: “Нет, не народ отрицает, а наш 1-секретарь Т.Усубалиев отрицает,” – деп кайаша айттым эле. Ошондо Н.А.Баскаков “смотри-ка на молодого кыргызёнка,” – деп мени кубаттап, мага Енисей жазмасы Кыргыздардыкы экендиги, Кыргыздар улуу держава түзгөндүгү, тарыхы өтө тереңде экендиги жөнүндө узун сабак сөз кылды эле. Кийин Кыргыз тарыхы, жазмасы боюнча илимий эмгектерди окуп, ата-бабалары­быздын улуу тарых, улуу маданийат, улуу держава түзгөндүгү жөнүндөгү маалыматтарды өтө сыймыктануу менен кабылдап жүрдүм. Ошондо Кыргыздар ташка чеккен жазуулардын өз оригиналдарын көрсөм, кыргыз жоокерлери аттарын сугарган Селэңгэ дарыйасына, эстелик таштар табылган Орхон дарыйасына колумду жууп, жүзүмдү чайкасам, Кыргыз нуур көлүнө түшсөм, уйгурлар менен 100 жыл согушуп, 840-жылы алардын Кан Балык, Ордо Балык деп айтылып жүргөн шаарын талкалап, уйгурларды Борбордук Азийадан азыркы Чыгыш Түркстанга чейин сүрүп салгандыгы жөнүндөгү маалыматтардагы (А.Г.Малйав­кин­дин эмгектерин караңыз) изди көрсөм деп кыйалданчу элем...

Кыйалым орундалды. Байыркы баатыр ата-бабаларым баскан изди басып, ичкен сууну ичип, Кыргыз нуур (Кыргыз көлү, кадимки эле Ысык-Көл сыйактуу таза, жылуу, туздуу, чөйчөктөй болуп чалкып жатат, узуну 80 км, туурасы 35-50 км чейин дешти) көлүнө жүзүбүздү чайкап келдик...

2016-жыл Президентибиз Алмаз Шаршеновичтин Жарлыгы менен Тарых жана маданийат жылы деп жарыйаланды. Тилге, тарыхка, маданийатка өзгөчө көңүл бурулуп, тиешелүү деңгээлде алар сайасий дагы, материалдык дагы колдоого алынып келет. Ушул колдоонун натыйжасында атайын бөлүнгөн каражаттын эсебинен КР Улуттук илимдер академийасынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабийат институтунун атайын долбоорунун негизинде Монголийага илимий экспедицийа уюштурулду.

“Манас” аэропортуна Түркүйанын Стамбул шаарынан келген “Боинг” учагына отурдук. Учак Түркүйадан келгендигине карабай, отурган жүргүнчүлөрдүн 70-80% пайыздайы Европа улутундагылар экендиги алардын өңү-түсүнөн эле көрүнүп турду. Ойлоп койдум: Булар Монголийага барып, башка жакка учушат го деп. Жок, андай болбоду... “Чыңгызхан” эларалык аэропортуна келип конгондон кийин, жүк алчу жерге келсек, байагылардын баары тең жүктөрүн алып, паспорт көзөмөлүнө келип, Улаанбаатар шаарына чыгып жатышты. Дагы ойлоп койдум: Мынча четэлдик Монголийага эмнеге келди деп. Ал ал болду...

Биз да бир аз буйдалып, элдин шары менен паспорт көзөмөлүнөн өтүп, шаарга чыкчу оозго келсек, тосмонун ары жагында ак калпак кийген арык-чырай, менден улуу көрүнгөн бир адам бизге кол булгалап турат. Мен да калпак кийип түштүм эле, бизди ошол калпагыбыздан таанып, Кыргыздар тура деген кыйазда кол булгап жатыптыр. Дагы бир ирет ак калпактын касиетине таазим этип, кол булгалап жаткан адамга жеткиче ичимден ушул ак калпакты ойлоп таап, баш кийим катары бапестеп келген ата-бабаларыма, энелерге ыраазы болдум да, ак калпак кийип бизди утурлап турган адам көзүмө алданемедей көрүнүп, жеткиче шаштым. Кыргызча салам айтып, кош колдоп учурашсам, азиаттардын акценти менен орусча сүйлөйт, ошондо ал адамдын монгол экендигин баамдап, мен да орусчага өттүм. Мени менен чогуу баргандар аны тегеректеп эле калды, учурашышты, ырас эле болбодубу деп өзүбүзчө кудуңдап, сыртка чыктык.

Ал адам СССР маалында Кыргызстанга Монголийанын атынан келип консулдук кызматта иштеген адам экен. Аскердик чини – полковник, ардактуу эс алуудагы, көп жылдан бери Монгол-Кыргыз достугу эларалык уйумунун Президенти Йадам Даваасамбу деген адам экен. Уулунун машинесин айдатып, дагы бир машине жалдап бизди тосуп алганы келиптир. Аркы-беркини сүйлөшүп, бат эле ымалашып кеттик. Кыргыздарга терең урмат-сый менен мамиле кылаары көрүнүп турду. Кыргызстан жөнүндө, кыргыздар жөнүндө кеңири маалыматы бар экен. 30дан ашып калган уулу сайасат таануу багытында кандидаттык иш жазып жүрүптүр, илимий жетекчиси Артыкбаев Мэлис Табалдиевич агай экен. Эки жумалык экспедицийалык ишибизде бул эки адамдын жардамын көп көрдүк, жакшы адамдар экен. Менимче, булардын бизге кылган жардамы, көргөн камкордугу баргандардын ар биринин жүрөгүнүн тереңинен оорун алды, адамга жардам кыла билүү, камкөрө билүү адамдагы улуу касиеттердин бири экендигине дагы бир мертебе так ынандык болуш керек...

Ошентип бат эле шаардын чак ортосундагы “Улаанбаатар” конок үйүнө – Зочид Буудал келип жайгаштык. Конок үйүнүн Түштүк тарабында Монголийанын Улуу Хуралынын, Өкмөтүнүн имараты, ал имараттын алдында Чыңгызхандын лөкүйө отурган өтө чоң эстелиги, эки тарабында эки колбашчысы, маңдайында чоң айант, биздин “Ала-Тоо” айантындай эки келет, машина өтпөйт, эл эркин басып эс алат экен, айанттын бүткөн жеринде Сухебаатырдын атын секиртип турган эстелиги. Эстелик деп ошолорду айтат... Улуу Хурал, Өкмөт үйүнүн Түштүк капталында Монголийанын тарых музейи. Монголдордун тарыхын, материалдык, руханий маданийатын көрсөткөн этнографийалык материалдар ырааты менен жайгаштырылган. Өзгөчө байыркы уруулар ээлик кылган аймактарды так көрсөткөн, Монголдордун Чыңгызхандан берки тарыхый баскан жолун так чагылдырган тарыхый карталар музейдин баалуулугун арттырып турат. Мени өзгөчө кызыктырганы кыргыздар ээлеген аймактардын так картасынын чийилиши жана кыргыздар жөнүндөгү маалыматтардын кенендиги болду...

Арийне, ошол кең айантта туруп айланамды карасам, көчмөн Монголдордун Улаанбаатар борбору мени эки нерсеси менен таң калтырган жок, бирок ошого жакындатты. Биринчиси, шаарда бүгүнкү күндүн талабына ылайык архитектуралык дизайн менен курулуп жаткан бийик-бийик имараттардын өтө көптүгү, шаардын борбордук көчөлөрүнүн таптазалыгы, көчө кыймылынын тартиби, МАИлердин биздегидей болуп далдаага жашынып туруп алып акча жыйнайын деген ойдон такыр алыстыгы – жолдун четине жашынып эмес, жол кырсыгын болтурбоого, жол эрежелеринин бузулбашына камкөрүү үчүн канжолдун так ортосундагы сызыкка көрүнөө турушат экен. Кыскасы шаар тартип жагынан да, тазалык жагынан да жана архитектуралык курулуш жагынан да өтө өнүгүп жатыптыр. Экинчиси, көчмөндүк менен отурукташкандыктын, байыркылык менен бүгүнкүлүктүн өзара жуурулушкан симбиозун жана контрасын көрдүм. Улаанбаатардын тегереги монголдун бозүйүнө толгон, борбордун ичинде да бозүйлөр тигилген, арабанын үстүнө тигилген, төрт дубалдын ичине тигилген бозүй дүкөндөр, ресторандар өтө эле көп. Монголийанын дүйнөлүк бренди болгон кашимир буюмдарын саткан борбордук чоң дүкөн да бозүйдөй болуп салынган тегерек дүкөн экен. Арийне, бозүй тигип койсо эле, байыркылык болуп калат экен деген ой кетпеш керек. Бозүй тиккенди унутпаган эл өзүнүн тарыхын, үрп-адат, салт-санаасын, маданийатын унутпайт. Бозүй аларга ар дайым өткөнүн, эртегесин эскертип турат. Демек, эртегесин эстеген, өткөнүн унутпаган гана эл ушундай өнүгүүгө жетишет тура деген ойго дагы бир ирээт ишеним арттым...

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4393
Көп окулду
×