Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 02.06.2018 14:50

Видео — Жалал-Абаддын мэри камалгандан кийин шаардык кеңештин коалициясы тарап, мэр болуп шайланчу башка талапкер аныкталды

Turmush -  Бүгүн, 2-июнда Жалал-Абад шаардык кеңешинин «Ийгилик» коалициясы тарады. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалым болгондой, КСДП, «Өнүгүү-Прогресс», «Мекеним Кыргызстан» фракцияларынан «Үлгүлүү шаар үчүн» коалициясы түзүлүп, шаардын мэри кызматына буга чейин шаардык кеңеште төрага болуп келген Мураталы Тагаевдин талапкерлигин көрсөтүштү. Шаар мэрин шайлоо 11-июнда өтөт. Бул көпчүлүктүн төрагасы болуп «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан Улан Ашимовдун талапкерлиги колдоо тапты. Шаардык кеңештин төрагалыгына болсо КСДП партиясынан Айбек Жолдошев сунушталат.

«11-июнь шаар мэрин тандоо белгиленгендигине байланыштуу калаа башчылыгына көпчүлүк коалиция шаардык кеңештин төрагасы Мураталы Тагаевдин талапкерлигин көрсөтөт. Биздин колалиция тийиштүү чечимдерди аймактык шайлоо комиссиясына бүгүн тапшырат», - деди депутаттар.

Оппозицияда «Ата Журт», «Кыргызстан», «Республика» партиялары калды. Мурдагы «Ийгилик» коалициясына КСДП, «Мекеним Кыргызстан», «Ата Журт» фракциялары кирген болчу.

Жалал-Абад шаарынын буга чейинки мэри Салайдин Авазов Бишкек ЖЭБдеги кырсыкка байланыштуу иштин алкагында апрель айында камакка алынып, кызматын тапшырып берген болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×