Бөлүмдөр
Жума, 19-апрель
Нарын облусу, Нарын 01.06.2018 13:52

Нарындагы Солтон-Сарыга алтын комбинатын курууга жергиликтүү эл макулдугун берди, - облус башчысы (фото)

Turmush -  Нарын районуна караштуу Солтон-Сары жайлоосунда 1500 гектар жерде 10 тонна 52 кг алтын запасы бар жерге «Jhong ji Mining company» компаниясы тарабынан комбинат курууга каршы чыгып жаткан жергиликтүү тургундар менен сүйлөшүү, түшүндүрүү иштери жүрдү. Бул тууралуу кечээ, 31-майда өткөн Аймактарды өнүктүрүү жылына карата пландар, аткарылган иштер боюнча жыйында облус башчысы Аманбай Кайыпов билдирди.

Маалым болгондой, жыйын Аймактарды өнүктүрүү жылына карата пландар, аткарылган иштер боюнча өткөрүлүп ага район акимдери, айыл өкмөт башчылары, тийиштүү мекеме жетекчилери катышышты. Жыйындын жүрүшүндө облустун аймагында быйыл аткарылып жаткан иштер жана аткарууга толук алынбай жаткан иштер каралды. Дубан башчысы Солтон-Сары жайлоосуна алтын комбинатын курууга каршы чыгып жаткан Эмгекчил жана Миң-булак айыл элине түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндүгүн жана комбинат курула тургандыгын айтты.

Ошондой эле «Jhong ji Mining company» компаниясы тарабынан Миң-булак айыл өкмөтүнө 20 млн сом, Эмгекчил айылына 13 млн сом бериле тургандыгы айтылды.

«Ушул сыяктуу кендер Ат-Башыда, Ак-Талаада жана Кочкордо бар, кендерди иштетип айыл жерине, мамлекетке салымдарды кошуш керек. Ушул эле комбинат курулса 250 орундук жумуш орду түзүлгөнү турат, адамдар жумуш орду менен камсыз болгону жакшы да. Миң-булактан 120, Эмгекчилден 120 киши жумуш менен камсыз болот, расмий түрдө иштешет. Бюджетке каражат түшөт, мына биз дагы азыр район акимдери менен тоо-кен саясатын жүргүзөлү деп жатабыз. Мындан башка ташкөмүр казганга дагы жергиликтүү айыл өкмөттөр менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», - деди А.Кайыпов.

Буга чейин Нарын районуна караштуу Эмгекчил айылында жүзгө чукул киши чогулуп, Солтон-Сары жайлоосуна алтын комбинатын курууга каршы чыгышкандыгы маалымдалган эле.

Аймактык кабарчы билдиргендей, 15-майда чогулгандар Мамлекеттик геология агенттигинин, жергиликтүү бийликтин жана комбинат курууга лицензиясы бар кытайлык «Jhong ji Mining company» компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда «Jhong ji Mining company» компаниясы Солтон-Сарыда кен казуу жана чалгындоо иштерин жүргүзүш үчүн Мамлекеттик геология агенттигинен лицензияны 2012-жылы алгандыгы жана анын негизинде быйыл кен иштетүүчү комбинат курула турганы лицензия берилген аймакта 11 тоннага жакын алтын бар экени айтылды.

Жергиликтүүлөр Солтон-Сары жайлоосуна алтын комбинат курулса, ишканадан чыккан саркынды суу жайлоонун суусуна кошулуп, ал сууну мал-жандыктар жана ошол аймактагы малчылар ичип, ден соолукка чоң зыян тийгизерин айтып чыгышты.

«Мындан сырткары комбинаттан чыккан калдыктарды сактоочу жай да адам өмүрүнө кооптуу», - деп билдиришти элеттик тургундар.

Ал эми жергиликтүү бийлик «Jhong ji Mining company» компаниясы Эмгекчил айылына социалдык пакет катары 13 млн сом которуп берерин айтышты. Буга чейин аталган компания суу каналдын курулушуна 5 млн сом которгондугун кошумчалашты. Бирок мындай жардамга айыл жашоочулары макул болушкан жок. Алар комбинаттын зыяндуулугун иликтеп чыгуу максатында комиссия түзүп, тарап кетишти.

Солтон-Сарыда кен казуу жана чалгындоо үчүн Мамлекеттик геология агенттигинен 2012-жылы лицензия алган «Jhong ji Mining company» компаниясынын жүргүзгөн алгачкы иликтөөсүнүн жыйынтыгы боюнча 1500 гектар жерде 10 тонна 52 кг алтын бар. Комбинаттын курулушу болсо 2018-жылга пландалган. Компания жерди убактылуу пайдаланыш үчүн 2030-жылга чейин мамлекеттен уруксат алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×