Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 29.05.2018 14:17

«Сүйлөшкөн кызына келген»: Коңшу айылга досун коштоп барган студентке бычак сайып кетишти

Turmush -  Жети-Өгүз районундагы мушташта мектеп окуучусу бычактан оор жаракат алып, ооруканага жеткирилгендиги боюнча облустук милиция түшүндүрмө берди.

Милициянын маалыматына караганда, 28-майда Жети-Өгүз РИИБге аймактык ооруканага 17 жаштагы Ж.Касым бычактан жарадар болуп түшкөндүгүн боюнча маалымат келген.

Аталган маалымат боюнча райондук милициянын тергөө-оперативдүү тобу тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүп, жабыркаган жаран Бишкек шаарындагы автожол колледжинин 2-курсунун студенти экендиги аныкталган. Ал 27-майда өзүнүн Оргочор айылына келген. Ошол эле күнү болжол менен саат 23:30да айылдашы А.Марсел менен жолуккан. Аны А.Марсел коңшу Светлая Поляна айылындагы сүйлөшкөн кызына жолугуу үчүн чогуу барып келүүнү өтүнгөн.

«Марсел сүйлөшкөн кызы менен жолукканда, аларды кыздын аталаш бир тууганы - Светлая Поляна айылынын тургуну Д.Азирет көрүп калган. Коңшу айылдын баласы анын бир тууганы менен сүйлөшүп жатканын жактырган эмес жана алардын ортосунда кайым айтышуу болуп, ал мушташууга айланган. Кыздын аталаш тууганы достору менен Марселди сабап башташканда, ага Касым болушкан. Мушташуу учурунда катышуучулардын бири Касымдын сол бөйрөгү тарабына бычак сайган. Жабырлануучуну райондук ооруканага алып келишкен, 28-майда болсо Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасына которулуп, ага операция жасалган», - деп айтылат маалыматта.

Аталган факт боюнча бычак сайган жарандарды аныктоо боюнча оперативдүү-издөө иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×