Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 29.05.2018 08:14

Жети-Өгүздө окуучулар мушташып, 1 балага бычак сайылды

Turmush -  Кечээ, 28-майда Жети-Өгүз районундагы мушташта мектеп окуучусу бычактан оор жаракат алып, оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга өздүк булактар билдиришти.

Маалыматка караганда, Жети-Өгүз районунун Оргочор айылындагы мектептин 11-класстын окуучусу Ж.А. Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасына саат 13:30 чамасында жеткирилген. Анын сол капталына бычак сайылгандыгы аныкталып, дарыгерлер операция жасады.

Алдын ала маалыматтарга караганда, жаракат алган окуучу менен башка окуучулардын ортосунда өз ара чатак болгон. Чатак учурунда бычактан улам жаракат алган. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×