Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Талас облусуКара-Буура району 17.05.2018 19:30

Эл ичи — өнөр кенчи: Кара-бууралык А.Токтомамбетова волейболдо ийгиликтерди жаратууда (фото)

Turmush -  Кара-Буура районуна караштуу Сатыкей айылында чоңойгон 19 жаштагы Адинай Токтомамбетова волейбол ойноп, мелдештерде ийгиликтерди жаратып келет. Аймактык кабарчы спортчу кыз менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, азыр Талас шаарында башталгыч класстардын мугалими адистиги боюнча 3-курста билим алууда.

«Волейболду 4-класстан тарта ойноп келем. Өзүм окуган мектептин курама командасында ойночумун. Айылдык курама команданын дагы мүчөсүмүн. Мектеп арасындагы оюндарга катышып, алдыңкы орундарды ээлеп жүрдүк. 2016-жылы Талас мамлекеттик университетинде факультеттер аралык мелдеште 1-орунду алдык. Быйыл 7-апрелге карата өткөрүлгөн факультеттер арасындагы мелдеште акчалай сыйлыкка ээ болдук.

Ойноп жүргөндө колумду чыгарып алып, бир топ жолу жаракат алгам. Анын айынан ата-энем да каршы болуп жүрүштү. Волейболго аябай кызыкканым үчүн азыр да ойноп келем. Кээде үйдөгүлөр оюнга жибербей коюшса көндүрүп же качып барып болсо да ойночумун. Волейбол боюнча мыкты машыктыруучу болуп, спорт аркылуу кыргыз элин тааныткым келет», - деди ал.

Волейболчу кыз үй-бүлөдө 4 бир туугандын ортончусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×