Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Нарын

«Жеңеке»: Эркин күрөш боюнча Кыргызстандын 4 жолку чемпиону Г.Капарбекованын келиндик доордогу жашоосу (фото)

Turmush -  «Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылынын 24 жаштагы тургуну Гүлжаз Капарбекова.

Гүлжаз 1994-жылы 2-мартта Баетов айылында туулган. Эл аралык спорттун чебери, агасы Билимбек Капарбек уулунун колдоосу менен 5-класс кезинен тарта спорттун эркин күрөш түрү боюнча машыгып, өспүрүмдөр арасында Кыргызстандын 4 жолку чемпиону болгон. Ошондой эле, эл аралык ири мелдештерде дагы алдыңкы орундарды камсыздап, Кыргызстандын намысын коргоп келген.

Каарманыбыз Г.Капарбекова айтылуу Тайлак баатырдын тукуму экенин сыймыктануу менен айтат. Анын жетеси Жанболот баатыр, жотосу Рыскул бий, кубасы Тайлак баатыр, бубасы Осмон датка, бабасы Мамыркан, чоң атасы Акматжан, өз атасы Капарбек.

«Агам Билимбектин колдоосу менен эркин күрөш менен машыгып, көптөгөн ийгиликтерге жетише алдым десем болот. 10-11-класс кездеримде спортто аз да болсо жылдызым жанды. Алсак, Таиландда Азия биринчилиги үчүн мелдеште 5-орунду, Якутияда 3-орунду камсыздасам, андан тышкары Индия өлкөсүнө чейин барып ийгиликтерди жарата алдым. Андан сырткары, өспүрүм кыздар арасында Кыргызстандын 4 жолку чемпиону болдум. Ал эми облустук, райондук, республикалык мелдештерде көп эле жеңишке жетиштим», - деди Г.Капарбекова.

Г.Капарбекова 2013-жылы Султан Эмилбековго турмушка чыгып, 1 баланын сүйүктүү энеси болууга жетишкен. Ошентсе дагы, спортту таштап салбай, кол күрөш, таяк тартыш жана волейбол боюнча мелдештерге катышып келет.

«Албетте, спортто жүргөнүмө кайын журтум жана жолдошум каршы болгон жок. Тескерисинче алар ар дайым мени колдоп келишет. Кол күрөш боюнча республикалык мелдештерге катышып, алдыңкы орундарды камсыздап келгениме жолдошумдун жана кайын журтумдун колдоосу абдан чоң. Учурда, Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинде дене тарбия жана спорт мугалими болуп, окуучуларды спортко чакырып, билим берип келем. Үйдө жолдошума жардам кылам. Үй оокаттарын жасайм. Кол өнөрчүлүк менен дагы алектенип коём», - деди Г.Капарбекова.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3820
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×