Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Баракелде

Мэр А.Ибраимов жашоочулар менен жолугушууда бишкектик аялга «сүйүүсүн билдирди»

Turmush -  Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов Биринчи май районунун жашоочулары менен жолугушуу учурунда калаада жакшы жасалган иштерди көрбөгөнүн айткан аялга тамаша иретинде сүйүүсүн билдирди.

Аталган жашоочу шаар башчысына бир нече суроо берди.

«Эмнеге сейил бактардагы батуттар (балдар ойноочу жер) алынбайт? Сиз муну көзөмөлдөшүңүз керек да? Мындан тышкары Эркиндик бульварындагы кызыл брусчатка, албетте ал кооз, бирок кышында абдан тайгак болот. Эгер Германияда мындай брусчатка төшөлсө, анда аны төшөгөн мекеме эч качан акыны төлөп бере алмак эмес. Абдан жаман төшөлгөн. Мен шаарда жакшы жасалган иш көргөн жокмун», - деди ал.

Жашоочуга жооп берген А.Ибраимов батуттарды орнотууга уруксат жок экенин билдирди. «Биз дайыма алып турабыз, 5 мүнөт өткөндөн кийин эле кайра пайда болушат. Аны орноткондор сиздер сыяктуу эле тургундар. Эч качан жакшы нерселерди көрбөгөн адамдар бар. Ошондой эле кичинекей иштин жакшы тарабын көргөндөр да бар. Жакында мэриянын алдындагы митингде сүйлөгөнүңүздү көрдүм. Сиз мага абдан жагасыз, эгер мени жакшы көрсөңүз, анда айтыңыз. Мен жөн гана сизге сүйүүмдү билдирдим», - деп тамашалады мэр.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
1
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7781
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×