Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-май
Баткен

Кадамжайда ири суммадагы акча уурдаткандыгы жөнүндө калп айткан адам 1 жылга эркинен ажыратылды

Turmush -  3 жыл мурда милицияга Кадамжай районунда «ири суммадагы акча уурдаттым» деп жалган арыз жазган М.Ш. аттуу адам 1 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

(Шектүү)

шектүү

Маалыматка караганда, Кадамжай районунун Сырт айылынын 1985-жылы туулган тургуну Ш.М. 2015-жылдын июль айынын башында: «Кадамжай районунун «Торговый» базарында токтоп турган «Хонда» үлгүсүндөгү унаамдын ичинен белгисиз адамдар 57 миң АКШ долларын, 870 миң сом жана «NOKIA» үлгүсүндөгү уюлдук телефонумду уурдатып жибердим» деп милицияга арыз менен кайрылган. Аталган факт боюнча Кадамжай РИИБдин тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иш козголуп, териштирүү иштери башталган. Бирок кылмыш иш оңой менен ачылбай койгон.

Алынган ыкчам маалыматтарга талдоо жүргүзүүнүн натыйжасында арыздануучу Ш.М. жалган көрсөтмө бергендиги такталып, жогоруда көрсөтүлгөн факт болбогондугу аныкталды. Ал жалган көрсөтмөсү боюнча күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, Кадамжай РИИБ тарабынан М.Ш.нын өзүнүн үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 329-беренесинин (кылмыш жасалгандыгы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасоо) негизинде кылмыш иш козголду. Анын негизинде Кадамжай райондук соту тарабынан М.Ш. шарттуу түрдө 1 жылга эркиндигинен ажыратылды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1340
×