Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Нарын

Германиянын Кыргызстандагы элчиси Нарын шаарына иш сапары менен барды (фото)

Turmush -  Нарын шаарына Германиянын Кыргызстандагы элчиси Моника Иверсен иш сапары менен барды. Ал иш сапарынын алкагында облус башчысы Аманбай Кайыпов менен жолугушту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн, 17-майда Нарынга иш сапары менен барган Германиянын Кыргызстандагы расмий элчиси Моника Иверсен Нарын мамлекеттик университетинин, Нарын жаштар ордосунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Ошондой эле, өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыповдун кабыл алуусунда болду. Жолугушуунун жүрүшүндө элчи Нарын облусунун аймагына биринчи жолу иш сапары менен келип жаткандыгын жана Нарын шаары жаккандыгын билдирди. Өз кезегинде облус башчысы Нарын облусу боюнча жалпы маалымат берип өттү. Ошондой эле, Аймактарды өнүктүрүү жылына карата облус аймагында өндүрүш тармагында 30 бизнестик долбоорлор даярдалгандыгын жана ушул жылдын июнь айында бизнес форум өткөрүлөрүн билдирди. Форумга Германия өлкөсүнөн инвесторлорду тартууну жана элчини да катышып кетүүсүн кошумчалады. Элчи календарлык планын карап убактысы болсо келерин жана ивесторлорду тартууга аракет кыларын билдирди.

Жолугушууда облус аймагында туризм тармагы жанданып жаткандыгы баса белгиленди.

Мындан сырткары элчи Моника Иверсен облустун аймагында Германия мамлекетинин ишмердүүлүгү жакшы жүрүп жаткандыгын, анын ичинде Германия эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) алкагында бир канча долбоорлор аткарылгандыгын айтты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1569
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×