Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Нарын облусу, Нарын 17.05.2018 16:47

Нарында шамалда бийлеген жарнамалык такта алынды (видео, фото)

Turmush -  Нарын шаарындагы шамалда бийлеген жарнамалык такта алынды. Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын маалыматына караганда, 16-майда саат 18:00 чамасында Нарын шаарында шамал болуп, аталган жарнамалык такта кыймылдап, кооптуу абалды жараткан. Атайын текшерүү учурунда такта эч кандай талапка жооп бербестиги аныкталган.

«Шаар тургундарынын ой-пикирлерин четке какпастан тактаны текшерип, Таза-Нарын ишканасы менен бирдикте жарнамалык такта алынды. Нарын шаарындагы бардык жарнамалык такталар муниципалдык ишканасы тарабынан текшерүүдөн өтмөкчү», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин шаар тургундары Turmush басылмасына Нарын шаарынын МСО аймагында кулайын деп калган жарнамалык такта катуу шамалда бийлеп тургандыгын билдиришкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×