Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 17.05.2018 15:31

Ат-Башы айылында көчөнү суу каптап жатат (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылында көчөнү суу каптап жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айылдын тургундары билдиришти.

Алардын айтымына караганда, быйыл айылдагы көчө жээгиндеги арыктар тазаланбай калгандыктан жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолду суу каптап, тургундарга көйгөй жаратууда.

«Азыр көчөнүн жээги сууга толуп, чоң жол менен басууга туура келип жатат. Ал чоң жолдон ары-бери унаалар өтөт, кооптонобуз. Биз го чоң кишилер баса беребиз, балдар эмне болушат», - деп билдиришти жергиликтүү тургундар.

Ошондой эле, тургундар жаңы асфальтталган жолдун астынан өтүүчү суу түтүгүнүн ичтери таштандыларга толуп, анын кесепетинен түтүктөгү суу айлананы каптап жаткандыгын кошумчалашты.

«Ал түтүктөрдү тазалоо үчүн жаңы асфальтталган жолду тешип тазалап жатышат», - деп билдиришти элеттиктер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×