Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Нарын

Жубайлар: Мугалимдер — К.Жайлообаев менен Т.Барктабасова 55 жылдан бери бирге түтүн булатып келишет (фото)

Turmush -  Нарын районуна караштуу Учкун айылынын тургундары Казак Жайлообаев менен Токтокан Барктабасова 55 жыл чогуу өмүр сүрүп, бул мезгилдер аралыгында 3 кыз, 4 эркек бала, 29 небере, 8 чөбөрөлүү болууга жетишишкен. Жубайлар менен аймактык кабарчы таанышты.

«Өмүрү өрнөк жубайлар» наамын Учкун айылы боюнча бир гана Казак Жайлообаев менен Токтокан Барктабасова алышкан. Алар убагында жана бүгүнкү күнү да айылдын билим берүү тармагына салым кошуп келишет. Казак Жайлообаев 13 жылдан ашык убакыт мугалим болуп иштесе, Токтокан Барктабасова да 40 жылдык өмүрүн мугалимдик кесипке арнаган. Ал 1945-жылы Жети-Өгүз районунда төрөлүп, Пржевальск шаарындагы окуу жайдын орус тили жана адабияты факультетин бүтүргөн.

«Мектепке 1967-жылы кирип иштеп баштадым, 3 жылдай директордун орун басары, андан соң бала бакчасында 5 жыл директор болдум. Мектепте 40 жыл мугалим болуп, райондук советте депутат болуп эмгектендим. 1995-жылы пенсияга чыккандан бери балдар менен үйдөмүн. Бош убакыттарда коомдук иштерге активдүү катышып жүрдүк, мектепте орус тил кабинетине менин ысымым берилип, аны оңдоо иштерине жардам берип келебиз. Айыл мончосунун салынышына да көмөк көрсөткөнбүз. Айтор ушул сыяктуу майда болсо да, айыл элине пайдасы тие тургандай иш жасоого аракет кылуудабыз.

Мурда телефон, компьютер деген жок болчу. Балдар бардыгын өз акылы менен окуп, үйрөнүшчү, ал эми азыр баары оңой болуп калды. Мурда мугалимдердин айтканын окуучулар эки кылбай аткарат эле, азыр окуучулар мугалимдер менен тең тайлашып, коркутуп турат. Мурда түн ичинде да балдарды көзөмөлдөп, кыдырып турчу элек, азыр болсо ата-энелер көзөмөл кылмак түгүл балдарына болушуп турушат.

Быйыл 73 жашка чыгам. Окуучуларга ыр кесе, концерттик программа уюштуруп калчумун. Өзүм да ырдап, элди да ырдатып калдым. Азыр болсо балдар, небере, чөбөрөлөр менен алек болуп күн өтөт. Эшиктин алдына чакан дүкөн ачып алганбыз, кирешеси күнүмдүк жашообузга жарайт», - деди Т.Барктабасова.

Жолдошу Казак Жайлообаев быйыл 76 жашта. Ал жаш кезин жылмаюу менен эстейт. Жубайлар студенттик кездеринде бирин-бири жактырып калып 1 жыл сүйлөшүп, андан соң турмуш жолуна аттанышкан.

«Мен 1942-жылы Учкун айылында төрөлгөм. Азыр пенсиядамын. Мурда айыл чарба техникумун бүтүп, өз кесибим боюнча иштедим. Андан соң пединститутун бүтүп, мектепте 13 жылдан ашык убакыт мугалим болуп иштедим. Учурда балдарыбыздын үчөө биздин жолду жолдоп, мугалим болуп иштеп жатышат.

Экөөбүздү эмне болуп таанышып калдыңар эле деп көп сурашат. Биз деле башкалар сыяктуу жаш кезде окуп жүрүп таанышып, Токтоканды жактырып калып айылга алып келгем. Көп жакшы күндөр өттү», - деди ал.

2016-жылы мугалимдик кесиптеги көп жылдык үзүрлүү эмгектери, айылдын өсүп-өнүгүшүнө кошкон салымы, коомдогу жана үй-бүлөдөгү жетишкендиктери үчүн Казак Жайлообаев менен Токтокан Барктабасова «Өмүрү өрнөк жубайлар» наамы менен сыйланышкан.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1709
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×