Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-май
Жалал-Абад

Кара-Көлдө 7 жаштагы баланы сүзүп алган айдоочу аны ооруканага алып барды

Turmush -  Кара-Көл шаарында 7 жаштагы баланы «Жигули» унаасы уруп кетип, айдоочу аны ооруканага алып барган. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Алардын айтымында, жол кырсык 14-майда Кара-Көл шаарынын Пойма бөлүгүндөгү аялдаманын жанында катталган.

Ал эми шаардык Б.Рысбеков атындагы жалпы дарыгерлер практикалоо борборунун хирургия бөлүмүнүн дарыгери Бакыт Арстанбековдун айтымында, 14-майда саат 20:30 чамасында 2011-жылы төрөлгөн Т.И. хирургия бөлүмүнө түшкөн.

«Баланын баш мээси чайкалышы мүмкүн деген шек менен текшерүү жүргүздүк. Анын башын, омуртка жана тизеден ылдый сөөктөрүн рентгенге тарттык. Эч кандай жабыркоо, сынуу жок экен. 16-майда абалы жакшы болгондуктан, баш мээсинин чайкалышы жоктугуна байланыштуу ооруканадан чыгарылды. Ага чейин үч күн дарыгерлердин кароосунда болду», - деди дарыгер.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 698
×