Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 17.05.2018 13:46

Ак-талаалык А.Карачов эркин күрөш боюнча Ташкентте өткөн Азия биринчилигинде коло тагынды (фото)

Turmush -  Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айылынын жаш балбаны Абдымалик Карачов Ташкент шаарында өткөн эркин күрөш боюнча Азия биринчилигинде коло медаль тагынгандыгын машыктыруучусу Алмаз Кайыпов аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, кадеттер арасында өткөн эркин күрөштө 18 жаштагы Абдымалик 51 килограмм салмактагылар арасында Кыргызстандын намысын коргоп, 3-орунду алды.

Жеңиш менен кайтып келген жаш балбанды жердештери, туугандары жана машыктыруучулары салтанат менен тосуп алышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×