Бөлүмдөр
Ишемби, 26-май
Нарын

Баетовдун тургундары өкмөт башчыдан айылдагы мектептин курулушун бүткөрүп берүүнү суранышууда (фото)

Turmush -  Ак-Талаа районунун Баетов айылында 275 орундуу Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинин курулушу токтоп тургандыгына байланыштуу жергиликтүү тургундар өкмөт башчы М.Абылгазиевге кат жолдошту, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, аталган мектепте спорт залдын жоктугу жана окуучулар авариялык мектепте окуп жатышкандыгы эске алынып, 2014-жылы спорт залы жана кошумча имарат курулуп баштаган. Буга өлкө бюджетинен каражат каралып, тендерди (57 млн 910 миң сом) утуп алган компания курулуш иштерин баштаган. Бирок тийиштүү деңгээлде каражат бөлүнбөгөндүктөн аталган компания өз каражатынын эсебинен 27 млн сомго курулушун жасап, учурда курулуш иштеринин 75 пайызы бүткөрүлдү.

«Быйыл мамлекет тарабынан курулушу 75% бүткөрүлгөн мектептерге каражат бөлүнүп берилип, курулушу бүткөрүлөт деп айтылган. Бирок аталган мектепке тийиштүү деңгээлде көңүл бурулбай жатат», - деп билдиришти тургундар.

Ал эми мугалимдер курулушту жасап жаткан фирма буга чейин курулушка сарпталган 27 млн сом мамлекет тарабынан кайтарылып берилсе, курулушту кайра улантарын билдиришкендигин айтышты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 861
×