Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Нарын

Ак-Талаанын Жерге-Тал айылында үрөн чарбасы түзүлдү (фото)

Turmush -  Ак-Талаа районунун Жерге-Тал айыл аймагында «Тогуз-Булак» үрөн чарбасы түзүлгөндүгүн айыл өкмөт башчысы Гүлмайрам Үчүгөнова аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, АРИС уюмунун жайыттарды өнүктүрүү долбоорунун колдоосу менен аталган айылда үрөн чарбасы түзүлүп, 40 гектар аянтка гетьман сортундагы арпанын 8 тонна үрөнү себилди.

«Жаңы уюштурулган үрөн чарбанын тобунда 8 коомдук активисттер иштеп, жумуштун милдетин өздөрүнүн моюндарына алышты.

Андан сырткары, алынган үрөн менен айыл эли жеңилдетилген шартта камсыз болот. 40 гектар аянт толук сугарылып бүтүп, айдап-себүү иштери жүрүп жатат. Бул долбоордун жалпы наркы 400 миң сомду түздү», - деди айыл өкмөт башчысы.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1356
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×