Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 17.05.2018 12:39

Баетовдун волейболчу кыздары облустук мелдеште 1-орунду ээлешти (фото)

Turmush -  Ак-Талаа районунун Баетов айылынын волейболчу кыздары облустук мелдеште 1-орунду камсыздап, Ысык-Көлдө өтө турчу мелдешке жолдомо алышкандыгын команданын капитаны Гүлжаз Капарбекова аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, Нарын шаарында «Дени сак улут — өнүгүп жаткан өлкө!» аттуу ураандын астында спорттун 7 түрү боюнча облустук мелдеш өттү.

Ак-Талаа району боюнча волейболдон 1-орунду алган Баетов айылынын кыз-келиндери облустук мелдеште бардык атаандаштарын артка таштап, алдыңкы орунду багындырышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×