Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 17.05.2018 09:56 Жаңыланды: 17.05.2018 16:54

Айыл турмушу: Аксынын тургуну желим бөтөлкөлөр менен короосун тосуп, суу түтүктөрдү жасады (фото)

Turmush -  Аксы районунун Дейрес айылынын 68 жаштагы тургуну Абдырахман Айдаркулов желим бөтөлкөлөр менен короосун тосуп, суу түтүктөрдү жасап жатат. Аймактык кабарчы карыя менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал желим бөтөлкөлөрдү ыргытпай, аны чарба иштерине да колдонот.

«Желим бөтөлкөлөрдү таштандыга ыргытып, айлана-чөйрөнү булгап, өзүбүз зыян келтирип жатабыз. Андан көрө бөтөлкөлөрдү пайда алып келе турган ишке колдонсок болот. Мен алгач желим бөтөлкөлөрдөн суу түтүктөрүн жасап, 200 метр жерге суу чыгардым. 23 метр түтүкчө жасоого 1000 желим бөтөлкө керектелет экен. Суу түтүкчөлөр сапаттуу болду. Учурда суу чыгарып, пайдаланып жатабыз. Акыркы 4 жылдан бери желим бөтөлкөлөрдү чогултуп жатам», - дейт ал.

А.Айдаркулов мындан тышкары, желим бөтөлкөлөр менен короосун дагы тосууда.

«Учурда короомдун 100 метр жерин тостум. 1000 желим бөтөлкө 4 катар болуп короого тосулганда 23 метрге жетет экен. Желим бөтөлкөлөрдүн ортосуна капкагын коюп, зым аркылуу бириктирип кетебиз. Мага неберелерим жардам берип жатышат. Учурда дагы 1000 желим бөтөлкө чогултуп койдум, алар менен короону толук тосуп чыгам. Менин иштеримди эл көрүп кызыга баштады. Айрым адамдар атайын келип, көрүп кетүүдө. Эгер бул ыкманы көп адамдар колдонсо, талааларга желим бөтөлкөлөр ташталбай калат эле», - дейт айыл тургуну.

А.Айдаркуловдун 4 кызы, 1 уулу, 20 небере жана 3 чөбөрөсү бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
2
Капалуу
Таң калуу
1
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×