Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Ысык-Көл облусу 16.05.2018 21:13

Ысык-Көлдүн аймагында жыл башынан бери 757 кылмыш жасалган

Turmush -  Ысык-Көл облусунда жыл башынан бери 757 кылмыш жасалган. Бул тууралуу ОИИБдин маалымат жыйынында белгилүү болду.

Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү билдиргендей, 2018-жылы 4 айдын ичинде облустун аймагында жалпы 757 кылмыш катталып, анын ичинен 486 факты криминалдык милицияга катталган.

«Ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында кылмыштардын 65,2%нын бети ачылды. Мындан тышкары белгисиз жагдайларда жасалган 189 факты ачыкка чыкты. Ал эми баңгизаттарды мыйзамсыз айлантуу боюнча 57 фактынын бети ачылып, 74 кг ар кандай баңгизат каражаттары алынды», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×