Бөлүмдөр
Ишемби, 26-май
Нарын

Ат-Башыда оңдоодон өткөн Таш-Рабат суу каналынын ачылышы өттү (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ат-Башы районундагы оңдоп-түзөө иштеринен өткөн Таш-Рабат суу каналынын ачылышы Австралия мамлекетинин Москвадагы элчисинин орун басарынын катышуусунда өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн, 16-майда өткөн ачылыш аземге Австралия мамлекетинин Москвадагы элчисинин орун басары Жилл Коллинс, өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Касен Асизов, Ат-Башы районунун акими Жакып Субакожоев катышты.

Ат-Башы районунун суу башкармалыгынын башчысы Жолдошбек Мусаев Таш-Рабат суу каналы 1986-жылы курулгандыгын билдирди.

«Таш-Рабат суу каналын калыбына келтирүү жумуштары Австралия мамлекетинин Москвадагы элчилиги тарабынан каржыланып, демөөрчүлөр тарабынан ишке ашырылды. Долбоорлордун жалпы суммасы 3 млн 130 миң 588 сом, Австралиянын салымы 1 млн 989 миң 910 сом, Ат-Башы райондук суу чарба башкармалыгынын өздүк салымы 1 млн 140 миң 678 сомду түздү.

Таш-Рабат каналынан чыккан сугат суу Казыбек, Ак-Талаа жана Кара-Суу айылындагы 1638 гектар айдоо аянтын суу менен камсыз кылууда. Таш-Рабат каналынын 900 метр участогу оңдолуп, резиналары алмаштырылган. Ошондой эле каналдын Кара-Коюн сайынан 60 метр суунун нугун буруучу дамба курулуп, габиондук сетка төшөлгөн. Мындан сырткары туурасы 80 см, узундугу 64 метр суу өткөрүүчү түтүк орнотулган», - деди Ж.Мусаев.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1231
Көп окулду
×