Бөлүмдөр
Ишемби, 26-май
Ысык-Көл

Ак-Сууда жарандык коргонуунун абалы комплекстүү текшерилүүдө (фото)

Turmush -  Бүгүн, 16-майда Ак-Суу районунда жарандык коргонуу боюнча окуу өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Окууда ар түрдүү мүнөздөгү өзгөчө кырдаалга райондун жарандык коргонуу кызматтарынын даярдыгы текшерилди. Иш-чарага өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн өкүлү Кабылбек Усенбаев, ӨКМдин облустагы башкармалыгынын башчысы, полковник Зарылбек Жумагазиев баш болгон офицерлер, Ак-Суу районунун акими Улан Дөкөнбаев катышты.

З.Жумаказиевдин айтуусунда, иш-чара даярдык пландын негизинде 3 жылда бир болот.

«Бүгүн калкты жана чарбалык комплексти коргоого жана анын даярдыгын өркүндөтүү негизинде комплекстүү текшерүү жүрүүдө. Ага ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын бардык офицерлери келишкен. Анда жарандык коргонуу бөлүмүндөгү иш кагаздардан баштап өзгөчө кырдаалды кабарлоо, ыкчам иштөөгө даярдык каралат», - деди ал.

Аким Улан Дөкөнбаевдин айтуусунда, райондо жарандык коргонуу кызматтары өз милдеттерин так аткарып, ар кандай кырдаалга даяр турат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 406
Көп окулду
×