Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Баракелде, Бишкек 16.05.2018 15:51 На русском

Бишкектеги мейманканага сойкукана уюштурууга шектелген аял кармалды

Turmush -  Бишкек шаарында милиция кызматкерлери тарабынан көмүскө жай уюштурууга шектүү аял кармалды.

ШИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына карата, 25-30 жаштардагы аял көмүскө жайды мейманкана катары иштетип жатканы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексиндеги 261-берененин (сойкулук жасоо үчүн жайларды уюштуруу же күтүү) негизинде кылмыш иш козголгон.

Милиция кызматкерлери айтылган даракке санкциялык тинтүү жүргүзүп, ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө көмүскө жайды уюштурган аял — 25 жаштагы Ж.Н. колго түшүрүлгөн. Тинтүү учурунда анын жанынан акча каражаты табылып алынган.

«Мындан тышкары мейманканада көп убакыттан бери интимдик кызмат көрсөтүп жүргөн 3 кыз кармалды. Алар — 1995-жылы туулган А. к. А., 1999-жылы туулган Н.к.М. жана 1996-жылы туулган Ж.Г.», - деп айтылат ШИИБдин маалыматында.

Шектүү аял убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×