Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 16.05.2018 15:35

Жумгалдын делегациясы жол маселеси боюнча Жогорку Кеңеште болушту (фото)

Turmush -  Жумгал районунун делегациясы жергиликтүү көйгөйлөр менен Жогорку Кеңеште болушту. Бул тууралуу жергиликтүү кеңештин депутаты Дастан Кылычбек уулу билдирди.

Анын айтымында, Жумгалдагы жарандык активисттер жана тургундар Кочкор — Жумгал жолунун абалы боюнча Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдошкон. Анда алар Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун сапатсыз курулуп жаткандыгы тууралуу, ошондой эле аталган жолдун айрым айылдарды аралап өтүшү кооптуу экендигин эскерткен жыйындар, нааразычылыктар болгонун билдиришкен.

11-майда жергиликтүү эл өкүлдөрү, активисттер Жогорку Кеңештин айрым депутаттары жана фракция лидерлери менен жолугушуу өткөрүшүп, бир катар жергиликтүү маселелерди талкуулашты.

«Кочкор — Жумгал жолунун курулушу, Чаек ден соолукту чыңдоо борборунун курулушу, курулушу бүтпөй жаткан мектептер, таза суу жана бала бакча боюнча маселелер көтөрүлдү», - деди Дастан Кылычбек уулу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×