Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Чүй облусу, Токмок 16.05.2018 15:17

Токмоктун борбордук базарында өрткө каршы машыгуу өткөрүлдү (видео, фото)

Turmush -  Токмок шаарынын «Булак» борбордук базарында өрткө каршы машыгуу өткөрүлдү. Токмок шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары, майор Жаныбек Сейдалиевдин аймактык кабарчыга билдиргенине караганда, аталган машыгууга 45 адам катышкан.

«Аталган базардын администрациясынын, коопсуздук кызматынын даярдыгы жакшы деңгээлде экен. Машыгууга Токмок шаарынын РЭСи, суу чарбасы, Токмоктогу өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу кызматкерлери болуп жалпы 45 адам катышты. Өрт чыккан жерге аталган базардын 3 дарбазасынан 3 өрт өчүрүүчү автоунаа кирип, өрттү өз убагында өчүрүштү», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×