Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 17.05.2018 08:05

«Мекендештер»: Россияда иштеген Ч.Курманбеков буйрутма менен ыр жазат (фото)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылынын 25 жаштагы тургуну Чыңгыз Курманбеков 8 жылдан бери Россия жергесинде эмгектенип, буйрутма менен ыр жазып, суранычтар менен эл астында ырдайт. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, мектепте окуп жүргөн кезде эле айлана-чөйрөдө болуп жаткан турмушту кагаз бетине түшүрүп келген.

«Биздин тукумубуз чыгармачыл адамдар. Мисалы, апам жана бир туугандарым чыгармачылыкка кызыгат. Окуучу кезимде эле турмушта болуп жаткан көрүнүштөрдү ырга салып келем. Учурда Россиянын Екатеринбург шаарындагы фирмалардын биринде 8 жылдан бери эмгектенүүдөмүн жана буйрутма менен ыр жазып келем. Көптөгөн мигранттардын кыйынчылыгын көрүп, "Мигрант" деген ырды жазгам. Жогоруда аталган ырым элдин көбүнө жагып, суранычтар менен КВНге эл алдына чыгып ырдап жатам. Алдыда көп ырларымды жазып жатам, буюрса кыргыз элиме барганда тартуулайын деген оюм бар.

Ыр жазуудан тышкары бош убактымда спорт менен алектенип, футбол боюнча турнирлерге катышып, орундарга ээ болуп келем», - деди ал.

Жаш акын үй-бүлөдө 3 бир туугандын кичүүсү. Ал 2017-жылы Нарын шаарындагы Нарын педагогикалык колледжинин дене тарбия бөлүмүн аяктаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×