Бөлүмдөр
Шейшемби, 13-ноябрь
Нарын облусуЖумгал району 16.05.2018 14:18 На русском

Кызарт ашуусунда 17 жүргүнчүсү бар кичи автобус оодарылып кетти (фото)

Turmush -  Нарындагы Жумгал районунун кире беришиндеги Кызарт ашуусунда жүргүнчүлөрдү ташып бара жаткан кичи автобус оодарылып кетти. Кырсык кечээ, 15-майда саат 23:00 чамасында болгон.

Нарын облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн билдирүүсү боюнча, «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү кичи автобус жолдон 20 метрге чыгып кетип, бир нече жолу оодарылып, оң капталы менен арыктагы сууга кулаган. Анын ичинде жалпы 17 адам бара жаткан. Кырсыктын кесепетинен 7 адам ар кандай жаракат алды, алардын бири өспүрүм.

4 жабырлануучу Жумгал аймактык ооруканасына (Чаек айылында) жана 3 жабырлануучу Бишкек шаарындагы ооруканага жаткырылып, окуя боюнча Жумгал РИИБдин кызматкерлери териштирүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Маалым болгондой, Өрнөк—Чаек—Бишкек каттамындагы кичи автобус Өрнөк айылынан саат 19:00дө жолго чыккан болчу.

Картаны чоңойтуу үчүн сүрөттү басыңыз

Кызарт ашуусу (карта)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×