Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 16.05.2018 13:15

Тоңдогу эки айылдын ортосундагы жол таштандыга толуп калды, - жашоочулар (видео, фото)

Turmush -  Тоң районунун Бөкөнбаев менен Кажы-Саз айылдарынын ортосундагы жол таштандыга толуп жатат. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар аймактык кабарчыга билдиришти.

Алардын айтымында, аталган жол Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнө карайт.

«Жолдогу таштандыда малдын өлүктөрүнө чейин жатат. Жытына ары-бери өткөндө чыдай албайсың. Бул жактан көптөгөн эл өтөт. Мындан тышкары ар кайсы өлкөдөн эс алууга келген туристтер да ушул жол аркылуу өтүшөт. Бул боюнча чара колдонулушу керек», - дешти алар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×