Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Ош

Ош шаарынын 10го жакын тургуну 3-4 жылдан бери алдамчыдан ири суммадагы акчасын кайтара албай убара (видео)

Turmush -  Бүгүн, 16-май күнү АКИпресс-Ошто Ош шаарынын Алымбек датка кварталдык комитетинин төрагасына ири суммада акча берип, бирок бир нече жылдан бери кайтара албай жатканын айткан жашоочулар маалымат жыйынга чогулушту. Жыйында аталган кварталдык комитеттин төрагасы алардан арзан батир алып берүү шарты менен акча сураганын, 10дон ашуун жашоочу акча берип, бирок 3-4 жылдан бери акчасы да, батири да жок отурганын айтышты.

Бул иш Жогорку сотко чейин жеткен. Бирок эч кандай майнап чыкпай, ал тургай акча алгандар президенттин атын жамынып, батир берилет деп алдап келишкен, дешет жабырлануучулар.

Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтүнүн тургуну Бадам Апазова да арзан батир бар деген калпка ишенип, 30 миң долларын берген.

«Биз 1990-жылкы окуяга катышканбыз. Ошол убакта аты аталып жаткан адам Революциялык комитеттин төрагасы болуп иштечү. Азыр шаарда кварталдык комитеттин төрагасы экен. Ошол жигит бир күнү "эже, 2010-жылкы Ош коогалаңынан жабыркагандар үчүн көп кабаттуу үйлөр салынып жатат. Бала-чакаңызга үй керек болсо айтыңыз" деди. Турмуштан ажырап калган кызым бар эле, ошого батир алып берүү үчүн аны чакырдым. Кызым мага батир үчүн 10 миң долларын берип, Россияга кетти. Дагы бир балам Баткен окуясынын катышуучусу эле. Ага да батир алып берүү үчүн 10 миң доллар бергем. Мындан сырткары кайын сиңдимдин баласына да батир алмак болуп, андан да 10 миң доллар алып берген элем. Ошондон бери акча алган жигит "ана берем, мына берем" деп жүрүп ушул убакыт болду», - деди ал.

Ал эми Ош шаарынын тургуну Айнекбү Апазова дээрлик 25 жылдан бери коңшу жашаган адамга ишенген. Ал өзү жашап жаткан батирди сатып, анын акчасын коңшусуна бергенин айтты.

«Дээрлик 25 жылдан бери коңшу болуп жашаган адам минтип мени ири суммадагы акчага алдап кетерин билген эмесмин. Чындыгында 25 жылдан бери жакшы коңшу болуп жашадык. Ал "арзан батирлер берилип жатат, албайсыңбы?" деп калды. Коңшума ишенип, айылдагы үйүмдү сатып, кыздарым иштеп тапкан акчаларды кошуп, 10 миң доллар акча бердим. Аны бөлүп-бөлүп төлөдүм.

Акчаны 2011-жылы май айларында бергем, 2012-жылы толук төлөп бүттүм. Ошондон бери кабары жок. Жолуккан сайын "белгилүү бир даректеги үйлөрдөн берилгени жатат" деп коюп ушул убакка жеттик.

Дагы бир жагдай, ошол бизден акча алган жаран өзүн жабырлануучу кылып, биздин аты-жөнүбүздү да кошуп, сотко арыз жазыптыр. Биз ошондо көп адам алданганын билдик. Ошол убактан бери соттошуп келе жатабыз. Бизден акча алган адам башка жаранды күнөөлөп жатат. Бирок биз акчаны берген адамдан талап кылабыз», - деди А.Апазова.

Ошондой эле Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтүнүн тургуну Исмаил Акбаев алдамчы тарап президенттин атын жамынып, бир нече жолу батир берилет деп айтканын, бирок эч кандай жыйынтык болбогонун айтты.

«Менин балама 2010-жылдагы Ош коогалаңында үч ок тийген. Ошол уулум батир алуу үчүн Кара-Суу районунан кезекке турду эле. Бирок ал жактан үй берилбей, документтери Ош шаардык мэриясына өткөрүлдү. Шаардан да берилбеген соң, таанышым (алдамчы деп аталган адам) "балаңыздын документтери жайында экен. Биз тезирээк батир алып беребиз, акча бериңиз, биз комиссияларга жана башкаларга беребиз" деди. Мен ага ишенип, 2014-жылы сентябрда 10 миң доллар бергем. Ошондон бери көп убакыт өттү, акыры акчадан же батирден жок калдык. Алар мага "азыркы президент губернатор болуп турганда тизме жетпей калган, эми премьер-минстр болуп калды, бардык тизмени даярдап беребиз" дешти. Дагы бир Жаанбай деген адам бар. Ал мага "сиздин балаңыздын кезеги жетинчи болуп тизмеге жазылды, азыр тизме премьер-минстрдин колунда турат. Жакында кол коюп берет" деп айтты эле», - деди И.Акбаев.

Ал эми 10дон ашуун адам батир алып берем деп алдады деп айыптап жаткан К.Т. менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3514
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×