Бөлүмдөр
Ишемби, 26-май
Ысык-Көл

Тагдыр: Ак-суулук С.Урманбетова майып арабада отурганына карабай, оорулуу баласын багып келет (фото, видео)

Turmush -  Ак-Суу районунун Сары-Камыш айылынын 50 жаштагы тургуну Сонунбүбү Урманбетова майып арабада отурганына карабай, 10 жаштагы майып уулун багып келет. Аймактык кабарчы бул үй-бүлө менен таанышты.

С.Урманбетованын айтымында, ал 7 жыл мурун белинен чурку (грыжа) болгондо операция жасатып, андан кийин баспай калган. Кичүү уулу Даулетханды ооруп жүргөндө көз жаргандыктан уулу дагы майып болуп төрөлгөн. Учурда өзү 1-топтогу, 10 жаштагы уулу Даулетхан 2-топтогу майып.

Сонунбүбү Урманбетованын 4 баласы бар. Улуу кызы турмушка чыкса, эки баласы мектепте окуйт. Кичүү баласы үчүн алган жөлөк пул анын дары-дармегине гана жеткендигин жана алар жашап жаткан үйдүн үстүнөн жаан тамчылап жатканын айткан эне кайрымдуу адамдардан жардам сурайт.

Ал эми жолдошу Талантбек Кубаталиев ооруган жубайы менен баласын каралашкандыктан жумушка чыгууга мүмкүнчүлүгү жок экенин айтат.

Бул үй-бүлөгө жардам берүүнү каалагандар 0702242972 номуру аркылуу байланышса болот.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1786
Көп окулду
×