Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Баракелде, Бишкек 16.05.2018 12:20

Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөштө топтолгон акча каражат үчүн атайын банк эсеби ачылат

Turmush -  Мындан ары Кыргызстанда коррупциялык жол менен топтолгон каражаттар ачыкка чыкканда атайын эсепке которулуп турат. Президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана ачык-айкындуулукту арттыруу максатында укук коргоо органдары тарабынан коррупциялык мүнөздөгү кылмыш иштерин тергөөдө кайтарылган жана алар боюнча соттун өкүмдөрүн аткарууда өндүрүлгөн акча каражаттарынын эсебин алуу тапшырмасын берди. Ошондой эле ал каражатты колдонууга багытталган атайын банк эсебин ачуу тапшырылды, деп билдирди өлкө башчынын басма сөз кызматы.

Мамлекет башчысынын тапшырмасын аткаруу үчүн Президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Алмамбет Салиев прокуратура органдарынын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Ички иштер министрлигинин, Финансы министрлигинин, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын, Улуттук банктын жетекчилеринин катышуусу менен кеңешме өткөрүп, анда атайын банк эсебин ачууга байланыштуу маселелер талкууланды. Ошондой эле өкмөткө бул максаттарда атайын банк эсебин ачуунун ченемдик-укуктук маселелерин иштеп чыгуу сунушталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×