Бөлүмдөр
Жекшемби, 27-май
Чүй

Сокулуктук окуучу тогуз коргоол боюнча Монголиядагы мелдешке катышууга жолдомо алды (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районундагы Бейшеналы орто мектебинин 10-классынын окуучусу Сыргак уулу Сырттан тогуз коргоол боюнча өткөн республикалык мелдеште 1-орунду алып, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга жолдомо алды.

Тогуз коргоол боюнча машыктыруучу Дурусбек Ашимовдун айтымында, республикалык мелдешке Чүй облусунан 4 бала жана 4 кыз катышкан.

«Тогуз коргоол боюнча республикалык мелдеш өтүп, ага биздин окуучулар бир жумадан бери катышып келе жатышкан. Ага Чүй облусунан 4 бала жана 4 кыз катышкан болчу. Алардын ичинен Сыргак уулу Сырттан III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана КРдин атынан Монголияда өтө турчу мелдешке катышууга жолдомо алды. Ошондой эле Миран Сманов аттуу окуучум да Монголияга жолдомо алды», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 434
Көп окулду
×