Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Ош облусу, Ош 16.05.2018 12:41

Окуучу кыздардын мушташы: Бейбаш кыздар буга чейин эскертүү алышкан, - Ош ШИИБ

Turmush -  Фейсбук социалдык түйүнүндө талкууга алынган окуучу кыздардын мушташы боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгы иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. Жаңжалга катышкан кыздардын өздүгү аныкталганын ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган түзүмдүн маалыматына караганда, аталган окуучу кыздар Ош шаарындагы мектептердин биринде окушат. Окуя ушул жылдын апрель айынын биринчи жарымында болгон.

«Кыздардын ата-энелери өз алдынча жарашып алгандыгы белгилүү болду. Окуучу кыздар буга чейин Ош ШИИБдин жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы тарабынан начар жүрүм-турумдары үчүн эскертүү алышкан. Бүгүн, 16-майда мектеп окуучулары жана ата-энелери менен маектешүү жүргүзүлөт. Күнөөлүүлөр аныкталса, мыйзам чегинде жазаланат. Ал эми мындай фактыга жол берген жана өз кызматына кайдыгер мамиле жасаган милиция кызматкерлери болсо, алардын дагы жоопкерчилиги каралат», - деп айтылат ШИИБдин маалыматында.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×