Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 16.05.2018 11:29

Түптө милициядан качкан «Тойота» талкаланды: Каза болгон Санжардын жакындары арыз жазуудан баш тартып, айдоочуну кечиришти (фото)

Turmush -  Түп районунда жол кырсыктан каза болгон 24 жаштагы Санжардын бир туугандары арыз жазуудан баш тартып, «Тойота Авенсис» унаасынын айдоочусун кечиришти. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 14-апрелинде Түп районундагы Балбай айылына кире бериште катуу ылдамдыкта бара жаткан «Тойота Авенсис» унаасы жолдон чыгып, бир нече жолу оодарылып кеткен. Унаанын ичинде айдоочу жана 3 жүргүнчү болгон. Жарактан чыккан унаанын ичинен жүргүнчүлөрдүн бири — Күрмөнтү айылынын 1994-жылы туулган тургуну Б.Санжар каза болуп, жабырлануучулар — Күрмөнтү айылынын 1996-жылы туулган тургуну Т.Калыйнур жана Күрмөнтү айылынын 1994-жылы туулган тургуну А.Нурсултан ооруканага жеткирилген болчу.

«14-апрель күнү катуу ылдамдыкта келе жаткан «Тойота Авенсис» үлгүсүндөгү (мамлекеттик номуру В 49 79 АЕ) унаа жол көзөмөлдөөчүлөрүнө токтобой кеткен. Унаадагы жүргүнчүлөр жол көзөмөлдөөчүлөрүнө колдору менен уят белгилерин көрсөтүшкөн. Мындан улам «Ниссан Альмера» үлгүсүндөгү кызматтык унаа токтобой кеткен унаанын артынан түшкөн. Болжол менен 600-700 метрден кийин ал унаа жол кырсыгына учураган. Ал эми Түп РИИБдин 1987-жылы туулган тескөөчүсү А.Н жана Түп РИИБдин 1990-жылы туулган кенже тескөөчүсү протокол толтуруп жатканда аларды 20га жакын адам сабап кетишкен. Эки жол көзөмөлдөөчү ооруканага түшкөн. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө», - деп билдирген ОИИБдин басма сөз катчысы С.Усубакунов.

Аталган жол кырсык жана эки жол көзөмөлдөөчүнүн сабалышы боюнча факт каттоого алынган.

«Бул боюнча соттук-медициналык, соттук-автотехникалык жана соттук-баллистикалык экспертизалар дайындалган. Учурда бийлик өкүлдөрүнө баш ийбөө фактысы боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 341-беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө. Ал эми жол кырсык боюнча жабыр тартуучу тараптын айыптоосунун негизинде жана автотехникалык экспертизанын жыйынтыгы боюнча кылмыш иши козголот. Бул маселе боюнча учурда экспертизанын жыйынтыгы чыга электигине жана каза болгон Санжардын бир туугандары «Тойота Авенсис» унаасынын айдоочусуна карата арыз жазуудан баш тарткандыгына байланыштуу кылмыш иши козголгон жок», - деди С.Усубакунов.

Кийинчерээк «Тойота Авенсис» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу, Күрмөнтү айылынын тургуну Максат Жаныбек уулу Түп районунда болгон жол кырсык тууралуу айтып берген.

Анын айтымында, 14-апрелде ал 3 досу менен Түп айылынан Күрмөнтү айылын көздөй келе жатышкан. Максат Turmush басылмасына берген комментарийинде билдиргендей, ошол күнү алар Түп айылында түшкү тамактангандан кийин Күрмөнтү айылына жолго чыгышкан.

«Түп районунун МАИ постунда экипаж турган, бирок ал бизди токтоткон жок, себеби ылдамдыкты жогорулатуу болгон эмес. Биздин алдыбызда дагы бир нече унаа бар болчу, алар дагы посттун жанынан акырын өтүшкөн. Балбай айылына кирип баратканда гана аркабыздан эпикаж келе жатканын көрдүк. Мен токтогон жокмун, себеби эреже бузган эмесмин. Ошондуктан ылдамдыкты бир аз көбөйткөм. Алар бизди кубалап келип, менин токтоо керектигимди айтышты. Мен токтогон жокмун себеби эреже бузган эмесмин. Андан кийин рулду башкара албай калдым, катуу сокку болгонун билем башка эч нерсе эсимде жок», - деди ал.

Ошондой эле ал милициянын кызматкерлери посттогу видеокамерадагы жазууларды карап көрсө болорун кошумчалады.

«Принципиалдуу түрдө унааны токтоткон жокмун, анткени алар бизди посттун жанында токтотууга аракет кылбастан аркабыздан келип, жолдо кетип бараткан жерде токтотууга аракет кылышты», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×