Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Талас облусуМанас району 16.05.2018 10:25

Таластын Кыргызстан айылындагы төрөтканага жабдыктар алынды

Turmush -  Манас районунун Кыргызстан айылындагы оорукананын төрөт бөлүмүнө жабдыктар алынды. Бул тууралуу жергиликтүү кеңештин депутаты Таалайбек уулу Анарбек билдирди.

«Биздин айыл райондун борборундагы ооруканадан алыс болгондуктан айылыбызда төрөткана бөлүмү бар. Ал жакта 45 жылдык тажрыйбасы бар дарыгерлер иштегендиктен атайын шаардан келип төрөгөндөр да бар. Оорукана 6-7 айылдын элин тейлейт. Ошол төрөтканабызда 2 эле керебет бар болчу. Айылдык кеңештин депутаттары өзүбүз демөөрчү болуп, 20 миң сомго 4 керебет, жаздык жана бир нече жабдыктарды тапшырдык», - деди ал.

Төрөт бөлүмүнүн кызматкерлеринин айтымында, алардын колунда 1 айда орто эсеп менен 15-20 аял көз жарат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×