Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Баракелде

Мекендештер: Алты жылдан бери Түштүк Кореяда иштеген Азат эң көп 100 миң сом эмгек акы алган (фото)

Turmush -  Азат Умаров 6 жылдан бери келишимдик негизде Түштүк Кореянын Ансон шаарында эмгектенип жүрөт. Кыргызстандык жигит Turmush басылмасынын кабарчысына Кореядагы жашоонун оош-кыйышын баяндап берди.

Азаттын алган айлыгын укканда көпчүлүк Кореяга барууну каалашы мүмкүн. Бирок жумуштагы кыйынчылыкты жеңип, корейлердин тамак-ашы жана корей тилин баары эле өздөштүрүп, көнүп кете албайт. Өз өлкөсүнөн жумуш издеп чыккан жаран жакшы маянаны каалап чыгат, деп сөзүн баштады мекендешибиз.

Азат Умаров Араван районунда өсүп, Ош мамлекеттик университетинин бухгалтердик бөлүмүн аяктаган. Окууну аяктаган соң жарытылуу жумуш таппай, ашканаларда да иштеген.

«Бухгалтердик билим менен Кыргызстанда жакшы айлык алуу мүмкүн эмес эле. Алган маянаң курсактан ашпайт же башка керектөөлөрүңө жетпейт. Кореяга келүү такыр оюмда болгон эмес. Чогуу жашаган жигит корей тилин үйрөнүп, кетем деп камданып жүрүптүр. Маалымат издесем Корея мен иштей ала турган өлкө экен», - дейт ал.

Корей тилинен ийгиликтүү сынак ташырсаң анкета толтурулуп, Корей өлкөсүнө жиберилет. Кыргызстан менен түзүлгөн келишимдин негизинде жумуш берүүчү тарап талапкерлерди өзү тандап алат. Орто Азиядан Өзбекстан менен Кыргызстандын жарандары гана жумуш визасын алышат, деп кошумчалады.

Ал эми тил маселесинде көп кыйынчылыктар жаралган.

«Корей тилин үйрөнүү адамдын жөндөмүнөн көз каранды. Мен корей тилин үйрөнүү үчүн 3 ай атайын курстарда окуп, 2 ай кошумча даярдоо курстарына бардым. Корей тили менен кыргыз тилинин грамматикасында окшоштуктар көп. Бирок бул жакта өздөрүнүн диалектиси бар экен. Корей тилиндеги кыйынчылык сөздөрдү жаттоодо. Себеби окшош сөздөр көп. Келгенден 3 айдан кийин сөздөрдү сиңире баштадык. Бир жылда кеңири түшүнүп, сүйлөшүп калдык», - деди Азат.

Азаттын айтуусу боюнча, Кореяда мигранттардын укугу жакшы корголот.

«Айлык акы да салыштырмалуу бир топ жогору. Кореяга мыйзамдуу түрдө келсең келишимде үч маал тамак, жатакана жана пенсия, эс алуу күндөрү, камсыздандыруу жана 13-айлык каралган. Камсыздандыруу да мыкты деңгээлде өнүккөн. Мисалы, жумуш учурунда баш бармагыңды кесип алсаң, 10 миң доллар төлөп берет. Жаракат алсаң ооруканада жеңилдик менен дарыланасың.

Кореянын Иш менен камсыздандыруу министрлиги баарын көзөмөлдөп турат. Жакпаган жагдай чыгып калса же жумушуң жакпай калса келишимди буза албайсың. Ишкана жетекчиси уруксат берсе гана иштен чыгабыз. Бул аралыкта өз алдыңча иш издебейсиң. Жумуш менен камсыз кылуу бөлүмдөрүнө кайрылып, катталып койсоң болот. Ушул аралыкта алар жумуш таап беришет. Келишим үч жылга түзүлсө, ушул аралыкта үч гана жолу жумуш орунун алмаштырууга мүмкүн экен.

Ал эми тамак-ашы ачуу, чөп көп колдонулат. Кыргыздар эт, камыр тамак жебесек тойбой, өзүбүз азык-түлүк алып тамак бышырып жейбиз. Ал эми абасы нымдуу келип, Аравандын күнүнө какталып калгандыктан, өзүмдү вакуумга түшүп калгандай сездим.

Ош шаарынан эле чыкпай, Кореяны кинодогудай элестетип келгем. Келгенде элестетүүмдүн бири да жок. Кореяга келип, эртеси күнү жумушка чыктык. Биз аябай чоң, таза завод деп элестетип келгенбиз. Бирок 12 адам иштеген, кагаздан түтүк иштеп чыгаруучу чаң заводдо иштөөгө туура келди», - деди Азат.

Кореядагы көпчүлүк мигранттар өнөр жайларда, фабрикаларда иштешет.

«Көбүнчө Малайзия, Сингапурдан келген балдар менен достошом. Достошуп, көңүл ачууга убакыт жок. Эс алуу күндөрү гана шаарга чыгып сейилдеп, атайын айылдагыларга көрсөтүү үчүн сүрөткө түшөбүз.

Корейлер бири-бирине ишенишпейт, башкаларга да ишенбөө менен мамиле кылышат. Бирок өтө эмгекчил калк, эртең менен саат төрттө ойгонуп алып, түнү менен да иштей беришет. Бизди аябай жалкоосуңар, көп уктайт экенсиңер дешет. Жумушубуз оор болгону менен маянасына жараша. Эң көп алган маянам 100 миң сом болгон. Бирок азык-түлүк, кийим, салык өтө кымбат. Мисалы, бир нанды 150 сомго алабыз.

Жумуш убактыбыз 8 саатка созулуп, андан ашса кошумча акча төлөп беришет. Учурда трейлер (дөңгөлөк үстүндөгү үй) жасап жатабыз. Кыргыздардан жалгыз өзүм, ал эми шеригим малайзиялык жигит. Көбүнчө англис тилинде баарлашабыз.

Кыргызстанга биринчи келишимдин мөөнөтү аяктаганда барып, бир ай эс алып келдим. Ал жакта элдин баары бош жүргөндөй көрүндү. Кыргызстанда калууну ойлонгон жокмун. Бул жактан алган маянамды топтоп, ишкерлик баштагандан кийин Кыргызстанда айлык алып жашаса болот деп ойлойм», - деди Азат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
1
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 11936
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×