Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-май
Баракелде

Европадагы эң узун көпүрө: «КамАЗ» башкарган В.Путин Крым көпүрөсүн ачты (видео)

Turmush -  Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин кечээ, 15-майда Крым көпүрөсүнүн ачылышында «КамАЗ» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны айдап өттү.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, президент менен унаада көпүрөнүн курулуш башчысы жана курулуш компаниянын жетекчиси болгон.

В.Путин миңден ашык куруучу жана алардын үй-бүлөсү чогулган иш-чарада: «Мен чын жүрөгүмдөн бул тарыхый күн менен куттуктайм. Мурунтан эле адамдар мындай көпүрөнү курууну кыялданышкан. Биздин эмгегибиз жана сиздердин талантыңыздар менен бул кыял орундалды», - деди.

Көпүрө Крым менен Краснодарск аймагын бириктирген Европадагы эң узун көпүрө (19 чакырым) аталганын РИА Новости басылмасы жазды. Буга чейин Европадагы эң узун көпүрө катары Португалиянын борборундагы Васко да Гама көпүрөсү (17,2 чакырым) саналган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
1
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6243
×