Бөлүмдөр
Жума, 17-август
Баракелде

Автандил Алыбаев экономика министринин орун басары болуп дайындалды

Turmush -  Автандил Алыбаев экономика министринин орун басары кызматына дайындалды. Тиешелүү буйрукка кечээ, 15-майда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, А.Алыбаевди экономика министри Олег Панкратов менен Өкмөттүн аппаратынын экономика жана инвестиция бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев ведомствонун борбордук аппаратына тааныштырды.

Буга чейин А.Алымбаев аталган министрликте экономикалык талдоо жана ички дүң продукциялык божомол бөлүмүнүн башчысы, макроэкономикалык талдоо жана божомол башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болуп эмгектенген. Ал 2014-жылдын январь айынан баштап аталган кызматка дайындалганга чейин Улуттук банктын макроэкономикалык талдоо жана каржы рыногун талдоо бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1457
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×