Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Баткен облусу, Баткен 15.05.2018 20:00

Баткенде кызмат учурунда каза болгон милиционерлер эскерилди (фото)

Turmush -  Бүгүн, 15-майда Баткен ОИИБдин өздүк курамы кызмат учурунда каза болгон милиция кызматкерлерин эскеришти. Бул тууралуу түзүмдүн басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, иш-чарага кызмат учурунда каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрү, жакындары, милициянын ардагерлери жана молдолор катышты. Эскерүүдө каза болгондордун урматына тургузулган эстеликке гүл коюлуп, куран окулду.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгы 1999-жылы түптөлгөн. Ошол түптөлгөн жылдан бери кызматтык милдетин аткаруу учурунда 13 кызматкер каза болгон.



Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×