Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Нарын

Айыл турмушу: Үзүрлүү эмгегинин арты менен Кытайда эс алган Н.Макилова балдардын саламаттыгына кам көрүүдө (видео, фото)

Turmush -  Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын балдар оорулар бөлүмүндө 30 жылдан бери эмгектенип келген Нуржан Макилова ары татаал жумушу менен сыймыктанат. Ал жакында эле кытай компаниясы аркылуу Кытайга барып эс алып келген. Мээрман айым менен аймактык кабарчы таанышты.

Нуржан Макилова 1971-жылы Нарын районуна караштуу Калинин айылында төрөлгөн. 1986-жылы мектепти бүтүп, Нарын медициналык окуу жайына тапшырып, аны 1988-жылы аяктаган. Андан соң Нарын облустук балдар ооруканасына келип, ара төрөлгөн балдар бөлүмүндө эмгек жолун баштаган. 2000-жылы Нарын облустук балдар ооруканасы жоюлуп, бириктирилген ооруканага кошулгандан бери балдар бөлүмүндө эмчи болуп иштеп келет.

«Мен 1988-жылы 17 жашымда турмушка чыккам. Азыр улуу кызым 28 жашта, андан кийинкилерим 20-22 жана 16 жаштагы уул, кыздарым бар. Учурда небере жытын жыттап калдым. 2003-жылы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин биология жана экология факультетине тапшырып, аны 2005-жылы бүткөм. Турмуш шартка байланыштуу ал кесипти аркалабай калдым. Атамдын эжеси медайым эле, ошол адамдын ак халатына кызыгып жатып, өзүм дагы медицина тармагына келип калдым. Адамдардын ден соолугуна кам көрүп жатканыбызга сыймыктанабыз. Эсимде, бир жылдары Калининде кутурма оорусу чыгып, 10 күн бою мектепти палата кылып айыл элин текшерип келгенбиз. Ошол убакта кичине болсо да өз айылыма жардам бергениме сыймыктангам», - деди Н.Макилова.

Нуржан Макилованын жолдошу учурда ооруканада айдоочу болуп иш алып барат.

«Чоң нерсеге жардам бере албасам да, элге керегим жараса деген максатым бар. Эсимде, 1990-жылы биринчи кар жаап, түнкү саат 24:00дө балдар бөлүмүндө дарыланган 3-4-класстагы ондой бала менен моюндарыбызга кар салышып ойногонбуз. Жылда биринчи жааган кар ошол күндөрдү эске салат. Ошондо мыйзамга туура келбесе да бала менен бала болуп ойноп жүргөнүмдү эстейм. Кийин иштеримдин аркасы менен кытай компаниясы аркылуу Кытайга эс алууга барып келдим», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1841
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×