Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-май
Баракелде

БШКнын мурунку башчысы Гүлнара Клара-Самат Жогорку Кеңештин жаңы депутаты болду

Turmush -  Гүлнара Клара-Самат «Ата Мекен» фракциясынан Жогорку Кеңешке жаңы депутат болуп келди. Мындай чечим Борбордук шайлоо комиссиясынын бүгүн, 15-майдагы отурумунда кабыл алынды.

Гүлнара Клара-Самат Жогорку Кеңешке Бишкек шаардык сотунун өкүмү күчүнө киргенден кийин депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган Аида Салянованын ордуна келди. Буга чейин «Ата Мекен» партиясы БШКнын дарегине Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкер болгон 4 адамды тизмеден чыгаруу өтүнүчү менен кат жолдогон болчу.

Алар:

- Гүлнара Клара-Самат (партиянын тизмесинде №16);

- Ташполот Балтабаев (№17);

- Талант Узакбаев (№18);

- Рысбек Мирзаматов (№19).

Партиянын катында аталган талапкерлер тизмеден чыгуу боюнча кат жазганы айтылган. Бирок БШК талапкерлер жазган катын кайтарып алганы үчүн партиянын өтүнүчүн канааттандыруудан баш тарткан. Кийинчерээк Гүлнара Клара-Саматта Россиянын жараны болгону тууралуу маалымат жарыяланган.

Ал 2007-2008-жылдары Борбордук шайлоо комиссиясын жетектеген. Ал эми 2008-жылы өлкөдөн качып, президент К.Бакиевдин уулу М.Бакиев аны кемсинтип жана коркутканын айткан видеотасманы тараткан.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 777
×