Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Чүй облусуСокулук району 15.05.2018 16:30

Сокулуктун Саз айылындагы бала бакчанын короосуна балдар аянтчасы курулду (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Саз айылындагы «Кант-Апа-Мээрим» бала бакчасынын короосуна балдар аянтчасы курулду. Аталган айылдын башчысы Айдарбек Кубанычбековдун берген маалыматына караганда, балдар аянтчасын курууга жергиликтүү бюджеттен 129 миӊ сомдун тегерегиндеги акча каражаты жумшалды.

«Биздин келечегибиз ушул балдар. Ошондуктан аларга тиешелүү шарттарды түзүп беришибиз керек. Дал ошол максатта бизде буга чейин жаӊы бала бакча курулган. Эми ошол бала бакчанын короосуна балдар аянтчасын куруп бердик», - деди ал.

Аталган бала бакча 70 орунга ылайыкталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×