Бөлүмдөр
Жума, 17-август
Баракелде

Өлкөдө 17-майга чейин аба ырайы туруксуз болот

Turmush -  Кыргызстандын аймагында 17-майга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт. Кыргызгидрометтин билдирүүсү боюнча, мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт жана бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

Ошондой эле 15-16-майдагы нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1340
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×