Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-май
Нарын

Айыл турмушу: 31 жаштагы Хамзад Польшадан келген эт жана сүт багытындагы уйлардын торпокторун багууда (фото)

Turmush -  Ак-Талаа районунун 31 жаштагы тургуну Хамзад Таалайбек уулу Польшадан алып келген симментал, голштин, лимузин тукумундагы уйлардын торпокторун багат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Хамзад жакында эле 48 баш музоого буйрутма берип, бирок Польшадан Кыргызстанга болгону 21 гана музоо тирүү келген. Анын бирин Бишкектен 40 миң сомго сатып жиберип, жалпы 20 музоону Ак-Талаа өрөөнүнө алып барган. Учурда ал музоолорго 1,5 ай болду.

«Негизи бул торпоктор эт жана сүт багытындагы торпоктор. Мен тааныш байкелер аркылуу алдым. Польшадан 48 музоо чыккан, бирок ортодо жолдон өлүп отуруп Кыргызстанга 21 гана музоо келди. Менин тааныш байкелерим болгондуктан 20 музоону 3000 долларга сатып алдым. Негизи андан кымбат. Мага ошондо ар бири 10-15 миң сомдон айланып калды. Азыр кудайга шүгүр багып жатабыз. Алар күндө 85 литр сүт ичишет. Уйлары келмек, бирок мага "музоо, торпок кезинде климатка көнүп жашап кетишет" деп айтышты», - деди Х.Таалайбек уулу.

Симментал, голштин жана лимузин тукумундагы торпоктордун он бирөөсү ургаачы, ал эми тогузу эркек торпоктор. Азыр алардын ар бирин 35-40 миң сомдон сат деген кардарлар четтен чыгууда. Бирок Хамзад аларды сатпай, торпоктордун санын көбөйтүүнү көздөп жатат.

«Торпок сат деп келгендер көп. Мага бирөөсүн 35-40 миң сомдон деп баалап келип жатышат. Бирок мен сатпайм. Алгач Ак-Талаа эли үчүн көбөйтүп, андан соң сыртка чыгарсам болот. Келгенде 7 күндүк музоолор болчу, азыр 1,5 ай болду», - деди ал.

Хамзад үй-бүлөлүү, 1 кыздын атасы. Учурда мал сарай жана 1 га жер алып, айылга сейил бак да уюштуруп, ал жерди жаңы көчөттөр менен толуктап жатат.


Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
1
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 887
Көп окулду
×