Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр 15.05.2018 14:42 Жаңыланды: 16.05.2018 14:52

Мекендештер: 18 жаштагы Асан менен Үсөн окуучулук кыялдарын ишке ашырышты (фото)

Turmush -  Таш-Көмүр шаарында туулган 18 жаштагы Асан жана Үсөн Молдодосовдор Алтай өрөөнүндөгү Алтай мамлекеттик университетинде билим алып жатышат. Эгиздер менен аймактык кабарчы таанышты.

Асан Молдодосовдун айтымында, алар мектепте окуп жүргөндө чет мамлекеттен окууну максат кылышчу.

«Биз Майлуу-Суу шаарында мектепти аяктагандан кийин жогорку окуу жайга тапшыруу үчүн Жалал-Абад шаарына келип, Алтай мамлекеттик университетине өтүү үчүн сынак тапшырдык. Эки жумадан кийин жыйынтык чыгып, мен да, Үсөн да өтүптүр. Чет мамлекетте бекер окуу мүмкүнчүлүгү жаралганын угуп, абдан кубандык, бир чети апам жалгыз калганына кабартырландым. Ошентип жаңы окуу жылында Барнаул шаарына барып, окуп калдык.

Жаңы барган учурда бир аз кыйынчылык болду. Ал жерде бир эле кыргыздар эмес Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Казакстан, Кытай, Моңголия жана Африкадан келген студенттер да билим алышат. Учурда мен дизайнер-програмист адистиги боюнча окуп жатам, ал эми Үсөн программист адистиги боюнча билим алууда. Жакын арада мекенибизге кайтабыз, Кыргызстанды сагындык!», - дейт студент А.Молдодосов.

Ал эми Үсөн Молдодосов университетте эл аралык сынактар бат-баттан өткөрүлөрүн белгиледи.

«Биздин чет жакта билим алышыбызга бир тууган агам чоң түрткү берген. Анткени ал дагы мектепти аяктагандан кийин Америкага билим алганы барып, учурда АКШда жашап, билим алып жана иштеп жатат. Алтай мамлекеттик университетинде 60тан ашуун кыргыз студенттер билим алышат. Мисалы 21-март Нооруз майрамында студенттердин арасында эл аралык сынак болуп өттү. Ошол сынакта Кыргызстандан келген студентер биригип, кыргыз элинин маданиятын, каада-салтын көрсөтүп бердик. Ушундай сынактарга катышууда мекенибизге болгон сагынычыбыз бир аз жазылат. Жакын арада туулуп өскөн мекенибизге кайтабыз», - деди Ү.Молдодосов.

Асан жана Үсөн Молдодосовдор үй-бүлөдө төрт бир туугандын кичүүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×