Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-май
Ош

Видео, фото - Ошто жаңы курулуп жаткан үйдүн 8-кабатынан 25 жаштагы куруучу кулап кетти

Turmush -  Ош шаарынын Ю.Гагарин көчөсүндө курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн 8-кабатынан кулаган 25 жаштагы жигит ооруканага жетпей көз жумду. Окуя кечээ, 14-майда жумуш учурунда болгонун маркумдун жакындары билдиришти.

Каза болгон жигиттин бир тууган агасы Нурали Жолдошовдун айтымында, аталган курулушта кызматкерлердин коопсуздугу каралган эмес.

«Иним кечээ эртең менен күндөгүдөй эле жумушка кеткен. Түшкү саат 12:00 чамасында мага чогуу иштеген балдар телефон чалып, инимдин кулап кеткенин айтышты. Ош облустук ооруканасына барсам курулуш компаниядан эч ким жок экен. Менден мурун уккан айылдаш эки досу барыптыр. Дарыгерлер иним ооруканага жетпей каза болгонун айтышты. Ал 8-кабаттан кулап кеткен экен. Курулуш жүрүп жаткан үйдө бир дагы кызматкердин коопсуздугу каралган эмес. Атайын ар бир 3-кабат сайын куруучулар жерге түшүп кетпеши үчүн торчолор тартылышы керек болчу. Жыгач түшүп, жердеги куруучулардын башына түшсө эмне болмок?», - деди ал.

Маркум Майсал Кадырбай уулу кечээ эртең менен алгач апасын жумушуна жеткирип, андан кийин өзү ишке кеткен. Апасынын айтымында, уулу ушул күздө үйлөнмөк.

«Менин эң кичүү уулум эле. Жумушуна кеткен бойдон келбей калды. Курулуш компаниядан эч ким кабар алып келген жок», - деди маркумдун апасы.

Бул окуя башкаларга сабак болушу керектигин белгилеген маркумдун бир тууган эжеси Нуркыз Жолдошова: «Иним бейкүнөө кетти. Курулуш компаниялар үй куруп жатканда коопсуздукту да карашы керек. Инимдин өлүмү курулуш жетекчилерин тынч уктатпасын. Бул аларга сабак болсун», - деди.

Ал эми Экотехинспекциянын Ош шаары боюнча башкармалыгынын башкы инспектору Жайнак Абдраев буга чейин имараттын курулушу убактылуу токтотулганын билдирди.

«Биз бул үйдү текшерип кеткенбиз. Буга чейин документ иштери так болбогондуктан анын курулушу убактылуу токтотулган. Кечээ тазалоо иштерин жүргүзүшкөн же бир шайманын унутуп калып, аны алуу үчүн барганда кулап кетиши мүмкүн. Азыр биз так айта албайбыз. Бирок куруучулардын курулуш эрежесин сактабагандыгы бул окуяга себеп болгон. Ар бир куруучуга атайын курлар, башына каска, бут кийим берилет. Бирок өздөрү ыңгайсыз деп кийбей, ушундай окуяга туш болуп жатышат. Биз ар дайым түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турабыз», - деди Ж.Абдраев.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7077
×